2024-жылы Telegram мессенджери АКШнын өкмөтүнө 2253 колдонуучу тууралуу маалыматтарды берип, өкмөттүн 900 суроо-талабын аткарган. Бул тууралуу адистештирилген 404 Media сайты жазып чыкты.
Telegram Transparency Reports боту берген маалыматка караганда, 1-январдан 30-сентябрга чейин мессенжер АКШдан “IP даректер жана/же телефон номерлери” боюнча 14 гана суроону аткарып, 108 колдонуучуга гана тийген.
Bleeping Computer кабарлашынча, батыш өлкөлөрүнүн кысымына чейин Telegram колдонуучулардын IP даректерин жана телефон номерлерин террордук коркунучтарга байланыштуу болгондо гана берген.
Саясаттын өзгөрүшү менен Telegram эми укук коргоо органдарына криминалдык аракеттер, анын ичинде киберкылмыштуулук, мыйзамсыз товарларды сатуу жана онлайн алдамчылык менен байланышкан башка учурларда маалыматтарды берет.
«Эгер Telegram сиздин кылмыш ишине шектүү экениңизди тастыктаган тиешелүү сот органдарынан жарактуу ордер алса, биз суроо-талапка укуктук талдоо жүргүзөбүз жана сиздин IP дарегиңизди жана телефон номериңизди тиешелүү органдарга ачыкка чыгарабыз»,- деп айтылат мессенжердин эрежелеринин жаңы версиясында.
Telegramдын негиздөөчүсү Павел Дуров 2024-жылдын 24-августунда Францияда киберкылмыштарды иликтөөгө байланыштуу камакка алынган. Ал укук коргоо органдары менен кызматташкан эмес, анын ичинде баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, терроризм, балдар порнографиясын таратуу, алдамчылык жана башка кылмыштар боюнча айыпталган. Бир нече күн камалгандан кийин ал Франциядан кетпей, полицияга такай кабар берип туруу шарты менен күрөөгө бошотулган.



















