Оманда иш сапары менен жүргөн Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи өлкөнүн султаны Хайсам бин Тарик менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Арагчи бул жолугушууда Иран менен Омандын ортосундагы мамилелердин узак жылдык жана бекем тарыхына токтолуп, Ирандын Оман менен бардык тармактарда кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө чечкиндүү экенин баса белгиледи.
Жолугушууда аймактагы акыркы окуялар, өзгөчө АКШнын баскынчыл жана кийлигишүүчүл аракеттеринен улам келип чыккан кооптуу жана чыңалган кырдаал боюнча пикир алмашуу болду. Арагчи ортомчулук аракеттери үчүн Оманга ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Иран ар дайым дипломатиялык жолду колдонууга олуттуу мамиле жасап келген. Ошол эле учурда өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана улуттук кызыкчылыктарын коргоодо да чечкиндүү жана бекем позицияны карманып келген».
Өз кезегинде Оман султаны Иран менен Омандын ортосундагы тарыхый жана достук мамилелердин маанилүүлүгүн белгилеп, Ирандын аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого багытталган жоопкерчиликтүү мамилесин жогору баалады.
Ошондой эле ал азыркы кооптуу кырдаалды жөнгө салуу жана чыңалуунун күчөшүнө жол бербөө максатында аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы консультацияларды жана өз ара кеңешүүлөрдү улантуунун зарылдыгын баса белгиледи.


















