Ирандын бийлиги жакынкы убактарда Telegram мессенжерин ачат. Бул тууралуу Ислам Республикасынын парламентинин депутаты Мустафа Пурдехган Tabnak порталына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, депутаттар өкмөттөн Telegram’га коюлган чектөөнү алып салуу боюнча расмий эмес маалыматтарды алышкан.
«Жакында бөгөттүн алынгандыгы тууралуу жакшы кабарларды угарыбызды күтүүгө болот», — деди депутат.
Буга чейин Mehr маалымат агенттиги Иран өкмөтү Telegram’дын өлкө аймагында ишин кайра баштоосу үчүн бир катар шарттарды койгонун билдирген.
Тегеран компаниядан терроризмди жайылткан жана өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан контентти чектөөнү, ошондой эле жарандардын даттануулары боюнча материалдарды өчүрүүнү талап кылган. Мындан тышкары, Иран Telegram’дан өлкөнүн сот системасы менен кызматташууну жана ирандык колдонуучулардын маалыматтарын чет өлкөлүк атайын кызматтарга өткөрбөөнү милдеттендирүүнү талап кылган.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын апрелинде Ирандын сот органдары улуттук коопсуздукту сактоо максатында Telegram’ды колдонууга тыюу салуу чечимин кабыл алышкан.


















