Иран бийликтери Telegram жана башка чет элдик платформалар менен алардын өлкөдөгү ишин кайра жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Бул тууралуу Mehr агенттиги Ирандын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министрлигине шилтеме берүү менен кабарлады.
Маалыматка караганда, эгерде иран тарап койгон айрым шарттар аткарылса, Ислам Республикасы мессенджерлерге коюлган бөгөттү алып салат.
Mehr белгилегендей, мессенджерлерден талап кылынган алты шарт 2025-жылдын кыш мезгилинде кабыл алынган Кибермейкиндик боюнча Жогорку кеңештин резолюциясында көрсөтүлгөн.
Белгиленгендей, сүйлөшүү процесси боюнча толук жоопкерчилик маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министрлигине жүктөлгөн.
2025-жылдын кыш мезгилинде Ирандын Кибермейкиндик боюнча Жогорку кеңеши чет өлкөлүк мессенджерлер белгилүү талаптар аткарылган учурда иран рыногуна кайра кайтып келүүгө мүмкүндүк алыша турган резолюция кабыл алган+.
Бул талаптардын катарында улуттук коопсуздукту камсыздоо, ички санариптик платформаларды колдоо жана колдонуучулардын психологиялык коопсуздугун сактоо милдеттери бар.
Telegram мессенджери Иранда 2018-жылдын апрелинде соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Мунун алдында өкмөт мамлекеттик кызматкерлерге чет өлкөлүк мессенджерлерди колдонууга тыюу салып, альтернатива катары улуттук мессенджер Soroush тиркемесин сунуштаган.















