Telegram мессенжеринин активдүү колдонуучуларынын саны бир миллиарддан ашты. Бул тууралуу аталган социалдык тармактын негиздөөчүсү Павел Дуров өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
«Учурда Telegram’ды ай сайын бир миллиарддан ашуун активдүү колдонуучу пайдаланып жатат», — деди Дуров. Анын айтымында, бул сервис дүйнөдө WhatsApp’тан кийинки эң популярдуу мессенжерге айланды. Бирок Кытайга багытталган WeChat бул эсепке кирбейт.
«Орточо алганда, ар бир колдонуучу Telegram’ды күнүнө 21 жолу ачып, колдонууга 41 мүнөт убакыт коротот. Ошол эле учурда, биздин киреше тездик менен өсүп жатат. 2024-жылы 547 миллион доллар таза пайда таптык», — деп кошумчалады Дуров.



















