Telegram мессенжери биринчи жолу Орусияда 12 жаштан жогорку аудиторияга ай сайын кирүүсү боюнча YouTube видеохостинг кызматынан ашып, интернет-ресурстардын жалпы рейтингинде бешинчи орунду ээледи.
Муну Mediascope маалыматы тастыктады.
Жарыяланган маалыматтарга караганда, 2025-жылдын январында кеминде 90,6 миллион адам Telegramды колдонсо, бир жыл мурун бул көрсөткүч 83,7 миллион болгон.
Өз кезегинде YouTube’дун жеткиликтүүлүгү азайды. 2024-жылдын январында видеохостинг кызматын 95,5 миллион россиялык колдонсо, бир жылдан кийин – 86,9 миллион колдонуучулардын азайышы Орусияда хостингдин басаңдашы менен шартталган.



















