Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Шылуундар МБанктын 3333 номурун маскировкалоо менен кардарлардын башын айлантууда

  • Аналитика
  • 19.07.2024 17:31

Loading

Технологиялык санариптештирүү ыкмасы киргенден бери, коомчулуктун басымдуу бөлүгү банк картасын колдонуп, күнүмдүк тиричиликтеги соода-сатыкты да электрондук капчык менен эсептешип калды.

Электрондук капчыктын визиткасы расмий түрдө мамлекеттик катоодон өткөн банктардын картасы болуп эсептелип, мобилдик телефонго уланган тиркемеси аркылуу кандай гана маселе болбосун чечүүгө ыңгайлуу шарт түзүп, карапайым эл үчүн да жакшы болду.

Бирок, мурдагы көчөдө элдин накталай чөнтөктөгү акчасына кол салган чөнтөкчү, каракчылар виртуалдык дүйнөдөн да карактоонун жолун таап, кишилердин жеке картасынан, болгондо да чоң суммадагы акчаларын которуу жолу менен уурдап жатышат.

Тема боюнча

MCN Coin долбоорунун кеңешчиси Ю. Тойчубеков кармалды

MCN Coin долбоорунун кеңешчиси Ю. Тойчубеков кармалды

11.02.2025

Айрыкча, Кыргызстан коммерсиялык банкына тиешелүү МБанк картасы хаккерлер тарабынан болгон чабуулга туруштук бере албай, жабыр тарткан кардарлары соц.тармактар аркылуу төмөнкүдөй билдирүүлөрдү калтырышууда.

“МБанк канчалаган адамдарды сыздатып жатат. Айрымдарга алдамчылар аркылуу моюндарына жүз миңдеген насыя илинип, жабырлануучулар МБанкка карыздар болушуп, акыйкат издеп жүрүшөт.

Кээ бирлери “Эсебимде турган акчамдан дайын жок, МБанк алып койду” дешип, кайтара албай убара. Акчасын туура эмес которуп алгандар арыз менен кайрылышса дагы адамдын күлкүсүн келтирген жок шылтоолорду айтышып, кайтарып беришпейт экен.

Айтор, алсам-жулсам, кайтарып бербейм деген саясатты карманып, ишмердүулүк жүргүзгөн куйтулардын уюгу десек жарашчудай.

“Албетте, тез, ыкчам ыңгайлуу жагы да бар. Бирок, эң негизгиси жарандардын укугу, кепилдиги корголгон эмес” деген билдирүүнү Алмаз Темирбек деген фейсбук колдонуучусу калтырса,

Сайрагул Садыковна деген дагы бир Фейсбук колдонуучусу “Бул пикирге кошулам, МБанкта кардарлардын кызыкчылыктары корголгон эмес. Алданган, арызданган адамдар толуп кетти” деген пикирин билдирген.

Чындыгында эле, кредит алуу үчүн жарандар банктарга документтерин топтоп алып, кайра-кайра барган менен ала алышпайт. Ал эми МБанк аркылуу шлуундар бирөөнүн атынан олчойгон кредитти заматта алып коюшканы  таң калыштуу…

Ошондуктан, санриптик технологияга байланыштуу болуп жаткан коомчулуктагы бул көйгөйлөрдү изилдөө максатында МБанктын кызматкери Асель Абыкеевага кайрылганыбызда, ал төмөндөгүдөй жооп берди:

“Коммерциялык банк Кыргызстан” ААК | MBANK алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу өз кардарларына кайрылуу жасоо менен эскертип келет. Алдамчылар ар кандай ыкмаларды колдонууу менен, жарандардын аманаттарын жана баалуу буюмдарын уурдоого аракет кылышат. Ошондуктан, банк тарабынан кардарларга негизги эрежелерди сактоо боюнча туруктуу негизде маалыматтар берилип турат. Эгер кардар биз айткан эрежелерди сактай билсе, анда акча каражаттарынын жана аманаттардын коопсуздугуна өз салымын кошо алат”.

Мындан тышкары ал “Коммерциялык банк Кыргызстан” банкынын кызматкери өзүнүн билдирүүсүндө, “кардарлардын банктык маалыматтарын коргоо үчүн, MBANK аралыктан кардарлардын видеоидентификациясын колдонуу менен алдамчылык аракеттерден алдын алуунун заманбап системаларын колдонот. Ошондой эле, интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүүдө, колдонуучунун 3D-Secure эки факторлуу аутентификациясы колдонулат. Ошондуктан кардарлар, өздөрүнө сак болушу шарт” деп баса белгиледи.

Анын айтымында, банк кызматкерлери эч качан телефон чалуу менен кардарга насыя алгандыгы тууралуу кабарлабайт. Болгону уюлдук телефонго банк тарабынан насыя алгандыгы тууралуу SMS-кат жөнөтүлөт.

Шылуундар МБанктын 3333 номурун маскировкалоо менен кардарлардын башын айлантууда. Эгер кардар шектүү билдирүүлорду же чалууларды байкап калса, дароо анын аныктыгын текшерүү үчүн 3333 номери боюнча Банктын борборуна кайрылуусу керектигин кенен түшүндүрдү.

Ошондой эле адис өз сөзүндө “Жарандарды биздин расмий сайтыбызга жана социалдык тармактарга чыгып жаткан маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат элем. Кардар эч качан пин-код, CVV-код, паспорт маалыматтарын жана билдирүүлөрдөгү бир жолку коддорун эч кимге бербеши керек. Биз коопсуздук чараларынын үстүндө терең иштөө менен пайда болгон коркунучтар жөнүндө кардарларга маалымдоону уланта беребиз. Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, кардарларды дагы бир жолу сак болууга чакырат элем” деди.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Mbankбанк картасышылуундук
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Интернет кылмышына шектүү катары банк кызматкери кармалды

Интернет кылмышына шектүү катары банк кызматкери кармалды

26.03.2025
MCN Coin долбоорунун кеңешчиси Ю. Тойчубеков кармалды

MCN Coin долбоорунун кеңешчиси Ю. Тойчубеков кармалды

11.02.2025
MCN coin’ге алданган 900 кишинин 1 млн. 700 миң доллары кайтарылды

MCN coin’ге алданган 900 кишинин 1 млн. 700 миң доллары кайтарылды

10.02.2025
MCN Coin криптоактивинин уюштуруучулары элдин 2,5 млн. долларын алдап алган

MCN Coin криптоактивинин уюштуруучулары элдин 2,5 млн. долларын алдап алган

07.02.2025
Журналист М. Ташыбекованын 850 миң сомун алдап алган шылуун кармалды

Журналист М. Ташыбекованын 850 миң сомун алдап алган шылуун кармалды

07.02.2025
Кыргызстандын эки банкы Россиянын банктары аркылуу акча которууну жарым-жартылай токтотту

Кыргызстандын эки банкы Россиянын банктары аркылуу акча которууну жарым-жартылай токтотту

21.08.2024
“Нигериялык катка” ишенген аял 90 миң доллар жоготту

“Нигериялык катка” ишенген аял 90 миң доллар жоготту

12.07.2024
ФКК (ФСБ) украиналык телефон алдамчыларын кармады. Алар россиялыктардын миллиарддаган рублин уурдаган

ФКК (ФСБ) украиналык телефон алдамчыларын кармады. Алар россиялыктардын миллиарддаган рублин уурдаган

08.04.2024
Биринчи айым А. Жапарованын иш чараларына акча талап кылган шылуундар ким?

Биринчи айым А. Жапарованын иш чараларына акча талап кылган шылуундар ким?

27.03.2024

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.