Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

MCN Coin криптоактивинин уюштуруучулары элдин 2,5 млн. долларын алдап алган

  • Коом
  • 07.02.2025 17:11

Loading

6-февраль күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) тарабынан MCN Coin криптоактивинин уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбековдун кармалганы кыргызстандыктардын массалык түрдө талкуусуна жем таштап, негизги темага айланды.

Анткени акыркы эки жылдан бери виртуалдык чөйрөдө көрүнбөгөн шылуундардын тобу пайда болуп, элди интернет желеси аркылуу алдап, электрондук капчыктарынан болобу же накталай акча каражаттарын көз боемочулук менен алып  жаткандардын саны көбөйгөн.

Бирок ал шылуундардын айрымдары карапайым элдин калың катмарынан ичинен “тандалма ишенчээк” топту сууруп чыгып, өзүнүн кызыкчылыгынын негизиндерине сугарып, ишендирип, алар аркылуу чоң суммадыгы акча топтоого жетишкен.

Тема боюнча

Россияда алдамчылар көбөйүүдө

Россияда алдамчылар көбөйүүдө

28.04.2026

Дагы бир таң калычтуу жагдайлардын бири, шылуундар элге сөзү өткөн, коомго таасири бар жана калкты канчалык бир деңгээлде ээрчите алган активдүү жаштарды, айрыкча алардын ичинен шоу-бизнес өкүлдөрүн колдоно билгендиги менен айырмаланат. Башкача айтканда, алар “маданияттуу алдамчылар”.
Алардын бири ушул MCN Coin криптоактивинин анабашчылары жана  мүчөлөрү.

И. Субанбеков БАЭге качууга аракет кылган

Жогоруда белгиленгендей, MCN Coin криптодолбоорунун уюштуруучусу, 32 жаштагы И. Субанбеков кармалганга чейин БАЭге качууга аракет кылган.

Анын өзүнүн журналисттерге билдиргенине караганда, өзү жана  өнөктөштөрү криптовалютага салган акчаны кыргыз элине кайтара албай турганын мамлекеттик “Ала-Тоо-24” телеканалына айтып берди.

Субанбековдун айтымында, MCN Coin долбоорунда өзүнүн блокчейн системасы болгон эмес – ал адамдарды алдоо үчүн түзүлгөн. Ал долбоор ишке киргенден бери 2,5 миллион доллар чогултууга жетишкенин, ошентип бир жарым жылдын ичинде ал өзүнө батир жана кымбат унаа сатып алганын айтты.

«Азыр биз элдин акчасын кайтарып бере албайбыз. Мунун баары алдамчылык болчу. Урматтуу кыргыз элим, кечирим сурайм», – деди алдамчылыкка шектелип кармалган И. Субанбеков айыбын моюунуна алып жатып.

Финансылык көзөмөл органы MCN Coin долбоорун каттоодон баш тарткан

MCN Coin виртуалдык активи мамлекеттик каттоодон өткөн эмес жана Кыргызстанда уруксат берилген виртуалдык активдердин реестрине киргизилбеген.

Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматы буга чейин аларды беш жолу каттоодон баш тартканына карабай, мыйзамсыз иштеп жүрүшкөн.

Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы криптовалютага байланыштуу кырдаалга жана адамдардын кармалышына комментарий берип жатып билдирди. Себеби бул долбоор Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербегендиктен, Финансылык көзөмөл органы каттоодон баш тарткан.

“MCN Coin Виртуалдык активдердин Бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган эмес. Андан тышкары Кыргызстандын лицензияланган криптобиржаларында катталбагандыктан, лотереяларды же башка кызыктыруучу иш-чараларды өткөрүүгө уруксаты жок”, — деп белгиледи мекеме.

Финансылык көзөмөл органы жарандарды бул активге инвестициялоонун тобокелдиктери жөнүндө эскертип, анын юридикалык статусу аныктала элек жана жогорку кирешелүү убадалар тастыкталган экономикалык негизге ээ эмес экендигин билдирген.

Финансылык көзөмөл органы шылуундарга карата төмөнкү чараларды көргөн: 

1. 2024-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине MCN Coinга юридикалык баа берүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон;

2. 11-ноябрда Ички иштер министрлиги бул фактыны каттап, алдын ала иликтөө иштерин баштаган;

3. 9-декабрда Финансылык көзөмөл органы Ички иштер министрлигине виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзам ченемдери боюнча түшүндүрмөлөрдү жөнөттү;

4. 23-декабрда Ички иштер министрлиги Финансылык көзөмөл органынан MCN Coin менен байланышкан кызыктыруучу лотереянын мыйзамдуулугуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү өтүндү;

5. 26-декабрда Финансылык көзөмөл органы лотерея өткөрүүгө уруксат кагаздары жок экенин тастыктап, уюштуруучуларга чара көрүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган;

6. 2025-жылдын 15-январында Ички иштер министрлиги тарабынан Финансылык көзөмөл органына тергөө иштери жүрүп жаткандыгы жөнүндө маалымдалган;

Ошондой эле 20-январда аталган орган MCN Coin боюнча болгон бардык маалыматты андан ары юридикалык баа берүү үчүн УКМКга өткөрүп берген.

Финансылык көзөмөл органы жарандар кандайдыр бир каржылык инструменттерге инвестиция салуудан мурун алардын мыйзамдуулугун текшерүүсү керектигин, эгерде виртуалдык актив катталбаса, расмий тизмелерде жок болсо, аны сатып алуу каржылык жоготууларга алып келиши мүмкүн экендигин баса белгилейт.

Бул ачык-айкын жөнгө салуу жана расмий статусу жок тез жана жеңил акча убадаларына ишенбей, этияттык менен иш алып барууну сунуштап, жарандарды акчасын бул активге салбоого чакырды.

Расмий органдардын мындай билдирүүлөрүнө карабай, социалдык тармактарда Исрадин Субанбеков жарандарды MCN Coin крипто монеталарын сатып алууга үндөп, анын биринин баасын 100 миң долларга чейин көтөрүүнү убада кылган видео тараган.

Видеодо көрүнүп тургандай, анын уюштурган тобунда ар түрдүү курактагы жарандар, айрыкча жашы улгайып калган адамдар бар. Алардын көпчүлүгу аял кишилер экендиги көрүнүп турат.

Топтогу кишилердин ичинен активдүүлөрү башкаларды чоң суммады акча каражаты менен кызыктырып, курамды көбөйтүүгө болгон аракеттерин көрүшкөн.

Натыйжада мындай “сылык-сыпаа алдоо жолу менен” алданган адамдар шылуундарга чоң суммадагы акча каражатына алданып, орто жолдо калышууда. Эми алардын акчасын ким кайтарып берет?

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: MCN CoinАлдамчылыккриптовалюташылуундук
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстанда Кореяга ишке жөнөтүү менен байланышкан жашыруун коррупциялык схема ачыкка чыкты

Өзбекстанда Кореяга ишке жөнөтүү менен байланышкан жашыруун коррупциялык схема ачыкка чыкты

15.05.2026
Россияда алдамчылар көбөйүүдө

Россияда алдамчылар көбөйүүдө

28.04.2026
Жасалма акча алмаштырган трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Жасалма акча алмаштырган трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

16.04.2026
Иран ШКУга  бирдиктүү криптовалюта түзүүнү сунуштады

Иран ШКУга  бирдиктүү криптовалюта түзүүнү сунуштады

20.11.2025
Ташкентте жасалма интеллекти колдонгон  алдамчылыктын жаңы түрү аныкталды

Ташкентте жасалма интеллекти колдонгон  алдамчылыктын жаңы түрү аныкталды

23.10.2025
ЖКнын Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары К. Ташиевдин атын жамынып, ишкерлерден 200 миң доллар алган

ЖКнын Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары К. Ташиевдин атын жамынып, ишкерлерден 200 миң доллар алган

13.10.2025
Кыргызстандагы шылуундар ”Россия почтасы” ишканасынан 8,6 млн рубль котортуп алышкан

Кыргызстандагы шылуундар ”Россия почтасы” ишканасынан 8,6 млн рубль котортуп алышкан

29.09.2025
Кыргызстанда Европадагы «Маршмеллоунун» кылмыштуу тобу кармалды. Алар телефон алдамчылыгы менен алектенишкен

Кыргызстанда Европадагы «Маршмеллоунун» кылмыштуу тобу кармалды. Алар телефон алдамчылыгы менен алектенишкен

25.09.2025
Алдамчылыкка шектелген жарандын 40тан ашык кылмышка катыштыгы болушу мүмкүн

Алдамчылыкка шектелген жарандын 40тан ашык кылмышка катыштыгы болушу мүмкүн

06.09.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.