10-февралда Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев MCN coin криптоактивин жарнама кылган аттуу-баштуу адамдарды да жоопкерчиликке тартуу демилгесин көтөрдү.
Мындан тышкары депутат Улуттук банкты элге шылуундардан сактанууга байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.
“Аларды мамлекет көзөмөлдөбөйт. Бирок Улуттук банк, силер маалымат берип турушуңар керек. Себеби мунун баары финансылык сабатсыздыктан келип чыгууда. Экинчиден, аттуу-баштуу кишилер да жарнама кылып, алар да түрткү болуп калууда. Ушул жагынан да укуктук жоопкерчилик каралып, мыйзамдын негизинде баары жооп бериши керек”, – деди эл өкүлү.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров виртуалдык активдер, криптовалюта боюнча элге жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалыматтар берилип жатканын айтты.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалагынын кызматкери Данияр Закиров “Биринчи радионун” эфиринде билдиргенине караганда, MCN coin криптоактивине акчасын алдатканын айтып арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарылып берилди.
Анын айтымында, MCN coin’ге каражат салып кайра ала албай жаткан адамдардын саны көбөйгөн. Азыр бул иштер Бишкек шаарынын эки райондук милиция бөлүмүндө каралып жатат.
Буга чейин MCN coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналган эки адам УКМК тарабынан кармалып, анын бири Исрадин Субанбеков бул долбоор алдамчылык менен элден акча чогултуунун жолу экендигин жана чогулган акчаны кайра кайтарып бере албастыгын айтып элден кечирим сураган. Анын сөзү боюнча, MCN сoin аркылуу алар 2,5 млн доллар пайда табышкан. Ал 5-апрелге чейин камакка алынып, алдын ала кутум менен каржы пирамидасын түзгөн деп айыпталууда. Мындай кылмыш үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 5-8 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Буга чейин Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматы (Финкөзөмөл) MCN coin Кыргызстанда расмий каттоодон өтпөгөнүн, аны сатып жаткандардын ишмердиги мыйзамсыз экенин эскерткен.
Ага карабай бул долбоорду жарнамалагандар көбөйүп, айрым шоу бизнес өкүлдөрү жана мурдагы саясатчылар аралашкан. Социалдык тармактардагы MCN сoin долбоорунун катышуучуларынын видеолоруна караганда мүчөлөрү “1 миллионго” жетип, алар бул жетишкендикти жогорку деңгээлде майрамдашкан. Арасында баалуу белектер менен сыйлангандар бар.




















