Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) Украинанын куралдуу күчтөрүн каржылоо үчүн россиялыктардын 7 млрд рублин уурдап алууга тиешеси бар кылмышкерлерди колго түшүрдү.
Россиянын ФКК жана ИИМ кызматкерлери россиялыктардын акчасын алдап алууга шектелген украиналык кол-борборлор тарабынан уюштурулган виртуалдык байланыш тармагынын беш уюштуруучусун кармады.
«Каржылык чынжырча операциясы аркылуу мындай жол менен алынган каражат украиналык банктарга түшүп, андан соң Украинанын куралдуу күчтөрүн финансылоого жөнөтүлүп турган», — деп маалымдашты ФККдан. Алдын ала маалымат боюнча, бир гана байланыш түйүнүн пайдалануу менен россиялыктардын жети миллиард рублден ашык акчасы уурдалган.
Күч кызматкерлери атайын операция учурунда компьютерлерди жана байланыш каражаттарын, жабдыктарды, акча каражатын жана санариптик активдерди, ошондой эле кымбат баалуу буюмдар менен белектерди алышкан. Шылуундардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү камакка алынды.
Болгону аталган топтун беш катышуучусу аныкталып, камакка алынды, аларга Россиянын ККнын 159-беренесинин 4-бөлүгүнө («Алдамчылык») айып коюлуп, камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.
Криминалдык схема 2022-жылдан тартып иштеп келаткан
Россия ИИМнин расмий өкүлү Ирина Волк эл аралык крминалдык схема 2022-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткандыгын тастыктады.
Кармалган беш адам чет өлкөдөн телефон чалган алдамчылардын номерлерин россиялык номерге алмаштыруу ишин камсыз кылып турушкан. Алдамчылар өздөрүн каржы мекемесинин жана укук коргоо органынын кызматкеримин деп өздөрүн тааныштырып, акчаны «коопсуз эсепке» которууга ишендиришкен.
Украиналык шылуундар бир эле Россиянын жарандарын алдаган эмес
Мартта Казакстандын криминалдык полиция департаментинин киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү борборунун начальниги Жандос Сүйүнбай республиканын жарандарына көпчүлүк алдамчылык чалуулар Украинанын аймагынан келип жаткандыгын билдирген.
«Казакстандын жарандары — орус тилдүүлөр. Ошондуктан биздин жарандарыбызга карата алдамчылар аракетин жакынкы, кошуна мамлекеттерден жасашат. Көпчүлүгү Украинадан чалышат», — деген күч ведомствосунун өкүлү.
Андан ары ал Астананын көмөгү менен Украинанын аймагында бир нече алдамчы топтор кармалгандыгын кошумчалаган.



















