Нигер армиясы «Боко харам» террордук тобунун башчысы Ибрагим Махамадуну жок кылганын жарыялады.
«Нигердин куралдуу күчтөрү тактык менен жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө жаман ат менен белгилүү болгон Бакурду, чыныгы аты Ибрагим Махамаду, «Боко харамдын» башчысын, Чад көлүндөгү Шилава аралында нейтралдаштырды», – деп айтылат Франс Пресс агенттиги келтирген армиянын маалыматында.
Маламатка ылайык, операция 15-август күнү таң эрте жүргүзүлгөн. Аскер-аба күчтөрүнүн истребители Шилава аралындагы башчынын жашыруун жайына үч так сокку жасаган.
Армиянын билдирүүсүндө айтылгандай, Нигериянын тургуну Ибрагим Махамадунун жашы 40тар чамасында болгон. Ал «Боко харамга» 13 жылдан ашык убакыт мурда кошулган жана 2021-жылдын май айында мурдагы башчы Абубакар Шекау өлгөндөн кийин топтун жетекчиси болгон.
Нигериялык террордук уюм «Боко харам» 2002-жылдан бери адамдарды уурдоо жана өлтүрүү менен белгилүү. 2015-жылдын март айында «Боко харам» «Ислам мамлекети»* террордук уюмуна (Кыргызстанда тыюу салынган) ант берип, атын «Батыш Африканын Ислам мамлекетинин провинциясы» (ISWAP) деп өзгөрткөн. Кийин топтун ичинде ажырым чыгып, азыр «Боко харам» жана ISWAP экөөсү өзүнчө кылмыштуу уюм катары иш жүргүзүүдө.
















