Нигериянын Аскер-аба күчтөрү бандиттердин базасына так аба соккусун жасагандан кийин 76 барымтадагы адамды, анын ичинде аялдар менен балдарды куткарды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жергиликтүү бийликтерге таянып билдирди.
Операция Канкара районуна караштуу Паува-Хилл аймагында жүргүзүлүп, жакында Малумфаши округунда мечитке болгон кол салууга байланыштуу деп эсептелген «Бабаро» аттуу банданын башчысын издөө алкагында өткөн.
Окуя 19-августтун таңында Унгуван Мантау айылында болгон. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, тургундар таңкы намазга чогулган учурда куралчан адамдар мотоциклдер менен келип, мечиттин ичинде ок чыгарышкан. Бир божомол боюнча, бул чабуул өч алуу болушу мүмкүн – андан эки күн мурун айыл тургундары куралчан топко тор капкан түзүп, алардын бир нечесин өлтүрүшкөн.
Кацина штаты бир нече жылдан бери куралчан топтордун тез-тез жасаган чабуулдарынан жабыркап келет. Алардын курмандыктарынын арасында көп учурда аялдар менен балдар да бар.
















