Нигерияда 161 миллион жаран туруктуу тамак-ашка жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Өлкөдөгү тамак-аш коопсуздугу олуттуу кризистик деңгээлге жетти.
Бул тууралуу Нигериянын Айыл чарба жана тамак-аш коопсуздугу министрлигинин Тамак-аш коопсуздугу жана азыктандыруу департаментинин директору Алхаджи Нуху Килиши Абуджа шаарында өткөн консультациялык жолугушууда билдирди. Жолугушуу Тамак-аш коопсуздугуна жана азыктандырууга даярдык планын (FNSCPP) иштеп чыгууга арналган.
Анын айтымында, өлкөнүн болгону 20% калкы гана туруктуу азык-түлүккө ээ. 2014-жылы тамак-аш коопсуздугунун жоктугу 35% болсо, акыркы жылдары бул көрсөткүч 74%ке чейин жогорулаган.
«Элдин кийинки жолу тамак ичер-ичпесине ишеними жок. Бул — коңгуроо», — деди Килиши.
Ал ошондой эле күч колдонуу, куралдуу кол салуулар, адамдарды уурдоо жана экономикалык оорчулуктар кырдаалды ого бетер начарлатып, айыл чарба өндүрүшүнө терс таасир тийгизип жатканын белгиледи.
Чечимдер кандай болот?
Кризиске каршы күрөшүү үчүн өкмөт Дүйнөлүк банк колдогон ANRiN (Нигерияда тамактанууну жакшыртууну тездетүү) долбоорунун алкагында бир катар чараларды ишке ашырууда. Бул план элдин аярлуу катмарларына сапаттуу жана туруктуу азыктандыруу кызматтарын жеткиликтүү кылууну көздөйт.
Мындан тышкары, өлкөнүн 774 районунда үй шартындагы бакчаларды түзүү үчүн урук жана айыл чарба ресурстарын бөлүштүрүү программасы башталат.


















