Нигериянын түндүк-чыгышында «Боко Харам» террордук тобунун кол салуусунан 63 адам, анын ичинде беш аскер кызматкери каза болду.
Борну штатынын губернатору Бабагана Зулум 5-сентябрда кол салуу болгон Бама районундагы Дараджамал айылына барып, каза болгондордун санын тастыктап, болгон окуяны трагедия деп атады.
«Бул жамаат бул жерге болгону бир нече ай мурда көчүп келип, кадимкидей жашоосун улантып жаткан. Тилекке каршы, «Боко Харамдын» чабуулуна туш болду. Биздин сапарыбыздын максаты — элге колдоо көрсөтүү жана алардын туруктуулугун бекемдөө», — деди Зулум.
Губернатор региондогу туруксуздук менен күрөшүүнүн оор экенин баса белгилеп, корголбогон айылдарды сактоо үчүн армиянын жаңы бөлүктөрүн шашылыш жөнөтүүгө чакырды.
Бир күн мурун Нигериянын Аскердик-аба күчтөрү Бама районундагы Дар-эль-Джамал айылына жасалган авиациялык сокку учурунда 30 жоочунун жок кылынганын билдирген.
«Боко Харам» террористтик уюму Нигерияда 2000-жылдардын башынан бери аракеттенет, ал эми 2009-жылдан тарта ири масштабдагы кол салууларды жүргүзүп келет. Бул чабуулдардын натыйжасында миңдеген адамдар курман болгон.
2015-жылдан бери жоочулар Нигериянын чегинен чыгып, коңшу Камерун, Чад жана Нигер өлкөлөрүнө да чабуулдарын улантууда. Чад көлүнүн аймагында эле 2 миңден ашык адам бул чабуулдардын курмандыгы болгон.
Теракттар жана куралдуу кагылышуулардан улам жүз миңдеген нигериялыктар өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

















