Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Нигерия Африка континентиндеги холерадан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн катарына кирет.
Нигериянын түндүк-чыгышындагы Борно штатында уланып жаткан холера эпидемиясынан каза болгондордун саны 74 адамга жетти.
«Чек арасыз дарыгерлер» (MSF) уюмунун Борно штатынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып жасаган билдирүүсүндө, холера эпидемиясы 1-майдан бери жайылып келе жатканы белгиленген.
Маалыматка ылайык, эпидемиядан каза болгондордун саны учурда 74 адамга жетип, холерага шектелген 7 850 учур катталган.
Эпидемия 14 жергиликтүү административдик аймакка жана 50 кичи районго жайылып, ооругандардын санынын көбөйүшү медициналык мекемелерге болгон жүктү күчөтүүдө.
«Vibrio» бактериясы тарабынан пайда болуп, булганган тамак-аш жана суу аркылуу жугуучу холера катуу ич өткөккө алып келет жана организмдин суюктугун жоготот. Өз убагында дарыланбаса, бул оору өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Нигерияда таза суунун жетишсиздиги гана эмес, натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүүнүн кыйынчылыгы да оорулардын жана өлүмдөрдүн көбөйүшүнө себеп болууда. Өлкөдө ошондой эле безгек (малярия), полиомиелит, ич келте жана маймыл чечеги сыяктуу жугуштуу оорулар кеңири таралган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Нигерия Африкадагы холерадан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири болуп саналат.
















