Кыргызстанда мажбурлап иштетүүгө туш болгон үч нигериялык иммигрант Нигериянын өкмөтүнө, Тышкы иштер министрлигине жана Орусиядагы элчилигине кайрылышканын Sahara Reporters агенттиги жарыялагандан кийин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы бул ишти иликтөөгө алып, аныктады.
Sahara Reporters агенттигинин маалыматына караганда, окуя Бишкекте болгон.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстанга чет өлкөлүктөр туристтик агенттик аркылуу ири суммада акча төлөп, ушул жылдын 10-мартында келишкен.
Алар Энугу штатынан Оби Джон Икечукву, Огун штатынан Олайтан Секинат Тиамию жана Ойо штатынан Айша Мореникеджи болушкан.
Мугалимдик жумушту убада кылган туристтик агенттик аларга 800 долларлык маяна төлөнөрүн убада кылышкан. Бирок алар келгенден кийин мугалимдик кесипке эмес, футболдук клубга алынып келинген. Жыйынтыгында паспортторун алып, андан чыгууга уруксат беришпеген. Кийин жашаган акысын “төлөө үчүн” фермада иштөөгө мажбурлашкан.
“Кыргызстанга келгенде менин агентим убада кылгандан таптакыр башкача болдум. Мугалимдик жумуш жок болчу. Анын ордуна бизди таштап, катаал шартта өзүбүздү багып калдык”, – деген Олайтан Sahara Reporters агенттигине берген маалыматында.
Ал Бишкекте үч нигериялык жаран ушундай көйгөйгө туш болуп жаткандыгын, жатакана үчүн күнүнө 700 сом төлөй турганын, бул болжол менен 7,93 АКШ долларына барабар экенин кошумчалап, өз өлкөсүнө кайткысы келгендигин айткан.
“Алар мага жашоо үчүн акча табууга жардам бергилери келгенин айтышып, тескерисинче, мени оор чарба жумуштарына айдап салышты. Биз бул жерде бирөөгө иштейбиз, бир адам бизге 1000 сом төлөйт, бул анча деле кымбат эмес”, – деди ал.
Ошол эле учурда өзүнүн кылмышкер эмес экендигин айткан Олайтан визасыз кыйналып жаткандыгын билдирген.
Ушундай эле маалыматты аты-жөнү айтыла элек дагы бир нигериялык жаран билдирип, виза керектигин айткан.
Бул жагдайлар Борбордук Азиядагы, анын ичинде Кыргызстанда жүргөн Нигериянын жарандарынын тынчсыздануусун жараткан.
Жабырлануучулар өз өлкөсүнүн өкмөтүнө, Тышкы иштер министрлигине жана Орусиядагы Нигериянын элчилигине тез арада кийлигишүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Бул окуядан кийин Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат борбору нигериялык жарандарды мажбурлап иштеткендер аныкталгандыгын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, нигериялык үч жаранды мажбурлап иштетүү жана паспортторун мыйзамсыз тартып алуу боюнча арызы жарыяланганына байланыштуу, аталган чет элдиктер тергөө амалдарынын катышуучулары, ошондой эле мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларынын аракеттеринен жапа чеккендер экендигин кабарлады.
Ошол эле учурда, топтолгон материалдардын негизинде 2025-жылдын май айында Кыргызстандын кылмыш-жаза кодексине ылайык иш козголуп, анын алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча маалымат берди.
Тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин Нигериянын жарандарына өз өлкөсүнө кайтып кетүү үчүн зарыл болгон консулдук жардам көрсөтүлөрүн кошумчаланган.
Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги мамлекеттик органдар турмуштук оор кырдаалга туш болгон чет өлкөлүктөрдүн арызы каралып жаткандыгы боюнча массалык маалымат каражаттарына билдирген.


















