Учурда кыргыз коомчулугунда орто мектептерде 12 жылдык окутууну киргизүү тууралуу маселе кызуу талкууну жаратууда.
Бул жагдай боюнча КРнын вице-премьер-министри Эдил Байсалов өз оюн социалдык тармак аркылуу төмөндөгүдөй билдирген:
“Орто мектептин окуу жылын бир жылга УЗАРТЫП – 12 жыл кылып жатышат” деген маалымат туура эмес!!!
Биз болгону баштапкы, мектепке даярдоо жылын алып салдык. (нулевой класс)
Учурда анын ордуна орто мектепти окуу жылы 1-класстан баштап 12-класска чейин деп гана өзгөрттүк.
Себеби дүйнө жүзүндөгү дээрлик баардык өлкөлөр ушул системада, айрыкча өнүккөн өлкөлөр.
Коңшу Казакстан бул системага эчак кирген. Өзбекстан да, учурда бул системага кирүүгө даярдык көрүүдө.
Келечекте балдарыбыз билим алуу тармагында башка мамлекеттер менен тең ата болсун десек бул системаны колдошубуз МИЛДЕТ.
Андыктан, баардык мамлекеттер өтүп жаткан бул системадан биздин баш тартып, эски системада калууга эч кандай укугубуз жок.
Эскерте кетүүчү дагы бир жагдай.
Биз, бул системага дароо эле кирип кетпейбиз.
Баардык өзгөрүүлөр, этап этабы менен жүрөт.
Ага жараша мектеп программасы да, толугу менен өзгөртүлөт.
Окуучуларды билим алууга шыктандыруучу бир топ жагымдуу шарттар, мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Аны менен бирге эле, орто мектепти аяктады деген аттестат дагы өзгөчө күчкө ээ болот.
Ошол себептен 11 жыл эми 12 жылга өзгөрдү дегенди угуп же, окуп алып эле шашылыш тыянак чыгаруудан алыс болууга чакырам”.
Белгилей кетүүчү жагдай, президент Садыр Жапаров 13-мартта билим берүү министрлигинде өткөн жыйында 12 жылдык окууга каршы эмес экендигин билдирген.
Анда президент Жапаров билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен 12 жылдык окуу системасы жөнүндө учкай талкуулаган.
«Азыр бизде нөлүнчү класстан 11-класска чейин болуп жатат. Эгерде сиз 12 жылдыкты киргизе турган болсоңуз, нөлүнчү жоюлуп, биринчи класс деп эсептелет. Эч айырмасы жок экен. Анда буга макулбуз. Нөлүнчүдөн баштап 12 жылдык болсо, ата-энелер каршы чыкканын билебиз», – деген Жапаров.



















