АКШнын Орегон штатындагы Бенд шаарында 16 жаштагы өспүрүм Silver Rail Elementary башталгыч мектебинде ок чыгарды. Кырсыктан төрт адам, анын ичинде 5, 8 жана 11 жаштагы үч бала жана бир мугалим каза болду. Дагы эки адам — жети жаштагы бала жана мугалим ок жеп, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу CNN маалымдады.
Алдын ала тергөөнүн маалыматына караганда, өспүрүм жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00 чамасында мектептин имаратына кирип, жабык кире бериш эшиктерин атып талкалаган. Буга чейин мектептин жанында унаага ок атылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Кол салган өспүрүм полиция келгенге чейин анын артынан имараттын ичине кирип, аны менен атышууга катышкан жергиликтүү тургун тарабынан атып өлтүрүлгөн. Орегон штатынын губернатору Тина Котек анын аракеттерин баатырдык деп атап, бул кадам жаңы курмандыктардын алдын алган болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Окуя болгон жерде Федералдык тергөө бюросунун (ФТБ) кызматкерлери иштеп жатышат. Полиция азырынча ок чыгарган өспүрүмдүн аты-жөнүн жана кылмышка баруу себептерин ачыктай элек. Ошондой эле анын мектеп менен байланышы болгон-болбогону такталууда.
Округдагы бардык окуу жайлары жабылды. Шаарда үй-бүлөлөрдүн кайрадан жолугушуусун уюштуруу үчүн атайын пункт ачылып, жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.


















