Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Президент китеп басууга 7 млрд. сом бөлдү. Эми көйгөй жоюлабы?

  • Коом
  • 18.09.2026 15:51

Loading

Президент Садыр Жапаров мектептердеги китеп тартыштыгын биротоло чечүү үчүн кошумча 7 миллиард сом бөлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын  басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Ал бүгүн социалдык тармакка жарыялаган маалыматта  каржы маселеси толук чечилгенин, эми чиновниктерден шылтоо эмес, тез арада жыйынтык талап кылынарын эскертти. Ошондой эле, мамлекеттик бекер китептердин базарларда сатылып жаткандыгы боюнча катаал текшерүү башталып, күнөөлүүлөр сөзсүз жазаланары белгиленди.

“Окуу китептеринин жетишсиздиги бүгүн эле пайда болгон маселе эмес. Мурда бул багытка жылына орточо 100 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп келсе, акыркы эки жылда эле 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү. Мурдагы каржылоо менен эсептесек, бүгүнкү көлөмдөгү каражатты бөлүүгө 10 жылдан ашык убакыт кетмек. Ал эми китептерге болгон жалпы керектөөнү ошол темп менен жабууга 50 жылдан ашык убакыт талап кылынмак. Акыркы эки жылда каржылоо бир нече эсеге көбөйтүлүп, 9,6 миллиондон ашык жаңы китеп бастырылды. Бирок мунун өзү да жетишсиз болуп чыкты. Анткени мамлекет үчүн канча миллиард сом бөлүнгөнү же канча миллион китеп басылганы эмес, ар бир окуучунун колуна керектүү китептин жеткени маанилүү” , – деди А. Алагөзов.

Тема боюнча

АКШдагы мектепте ок атышуу болуп, үч окуучу, бир мугалим каза тапты

АКШдагы мектепте ок атышуу болуп, үч окуучу, бир мугалим каза тапты

16.10.2026

Анын айтымында, өлкө азыр 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жаткандыктан окуу программалары, стандарттар жана китептер жаңыланууда.

“Учурда реформаны китеп жетишсиздигине шылтоо кылууга эч кимдин акысы жок. Окуучулардын саны да жыл сайын өсүп жатат. Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз үй-бүлөлөрү менен кайтып келип, балдары биздин мектептерде билим алып жатканы кубандырат. Бирок муну да китеп жетишсиздигинин себеби катары көрсөтүүгө болбойт”, – деди ал.

Ал белгилегендей, тиешелүү жетекчилер окуучулардын санындагы өзгөрүүнү алдын ала эсептеп, керектөөнү ошого жараша пландашы керек. Ошондуктан Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алган.

“Каражат маселеси чечилди. Эми жооптуу жетекчилер кыска мөөнөттө жыйынтык көрсөтүшү керек. Эгер “Учкун” ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жетишсиз болсо, өлкөдөгү талапка жооп берген башка басмаканаларды да ишке тартуу зарыл. Агартуу министрлиги мындан ары жалпы сандар менен гана отчет бербеши керек. Ар бир мектеп боюнча кайсы предметтен канча китеп берилгени, канчасы жетишпей жатканы жана жетишпеген китептер качан басылып, качан жеткирилери тууралуу маалымат министрликтин сайтында ачык жарыялануусу зарыл”, – деп кошумчалады.

Учурда мамлекеттик мектептердин окуучуларына бекер жетиши керек болгон китептердин базарларда сатылып жатканы боюнча да текшерүү башталды. Баары документтер менен текшерилип, күнөөлүүлөр сөзсүз жооп берет.

“Азыр министрликпи, басмаканабы же башка мекемеби деп чиновниктер бири-бириңерди күнөөлөп отура турган учур эмес. Биринчи милдет балдарды китеп менен камсыз кылуу. Андан кийин текшерүүнүн жыйынтыгы менен ким өз милдетин аткарбай койгонуна Министрлер Кабинети тиешелүү баасын берип, чечим кабыл алышы керек. Каражат жетишпейт деген маселе эми жок. Демек бизге шылтоо эмес, жыйынтык керек”, – деп жазды Алагөзов.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жаңы окуу жылынын башталышы окуу китептеринин чыры менен башталды. Бул ирет коомчулуктун нараазычылыгын жараткан негизги маселе — мектептерде окуу китептеринин өнөкөткө айланган тартыштыгы жана ошол эле учурда өкмөт тарабынан “сатууга тыюу салынат” деп басылган жаңы китептердин ири базарларда ачык эле сатылып жатышы болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Дордой” базарынан 3-класстын математика китебин 650 сомго сатып алып, коомчулукка көрсөткөндөн кийин бул маселе парламентте жана социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Натыйжада, өлкөнүн окуу китептерин бөлүштүрүү системасында чукул реформа башталганы жарыяланды. Анда министрлик менен “Учкун” ААКтын ортосундагы келишим расмий түрдө бузулганы белгилүү болду.

Ал эми “Учкун” ААК басмаканасынын жетекчилиги “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, өздөрүнө айтылган айыптоолорду расмий түрдө четке кагып, ишкананын дарегине айтылган сындарга жооп берип жатып, басмакананын ишмердүүлүгү мыйзам чегинде гана жүрүп жатканын билдиришти.

Маалымат жыйынында ишкананын аппарат башчысы Бек Иманалиев жана өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев, басмакана өз алдынча китеп чыгарып сатуу укугуна ээ эмес экендигин, Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” мамлекеттик мекемеси берген расмий буйрутманын жана бекитилген нусканын негизинде гана иштей тургандыктарын билдиришти.

“Учкун” “Дордойго” китеп берген жок, бербейт дагы” – деп баса белгилеген Бек Иманалиев, базардагы китептердин келип чыгышын ИИМ жана УКМК кылдат иликтеп чыгышы керектигин айтты.

Ошондой эле Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева дагы бул маселе боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылдат териштирүү иштери башталганын жана буга ведомство өзү кызыкдар болуп жаткандыгын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган конференцияда билдирген.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: 1-сентябрькызыл китепмектепокуу китептери
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Эмгек кодексин өзгөртүү демилгеси: пенсионер мугалимдердин маселеси кандай чечилиш керек?

Эмгек кодексин өзгөртүү демилгеси: пенсионер мугалимдердин маселеси кандай чечилиш керек?

29.10.2026
АКШдагы мектепте ок атышуу болуп, үч окуучу, бир мугалим каза тапты

АКШдагы мектепте ок атышуу болуп, үч окуучу, бир мугалим каза тапты

16.10.2026
Хижаб талашы: Израиль Азербайжандын Иран жана Түркия менен мамилесин бузууга кызыкдарбы?

Хижаб талашы: Израиль Азербайжандын Иран жана Түркия менен мамилесин бузууга кызыкдарбы?

15.10.2026
Бишкектеги ирандыктардын мектебинде жаңы окуу жылы башталды. Сүрөт

Бишкектеги ирандыктардын мектебинде жаңы окуу жылы башталды. Сүрөт

23.09.2026
Окуу китептери эмнеге базарда сатылууда? Министр менен “Учкундун” жообу

Окуу китептери эмнеге базарда сатылууда? Министр менен “Учкундун” жообу

18.09.2026
PISA-2025 жыйынтыгы: Кыргызстанда билим берүүнүн деңгээли кандай?

PISA-2025 жыйынтыгы: Кыргызстанда билим берүүнүн деңгээли кандай?

11.09.2026
PISA-2025: Тажикстанда негизги предметтер боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жеткен окуучулар дээрлик жок

PISA-2025: Тажикстанда негизги предметтер боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жеткен окуучулар дээрлик жок

11.09.2026
А. Кадирова, директордун орун басары: “Маянабыз көтөрүлгөн менен кымбатчылыктан улам акчабыз азык-түлүккө эле кетип калууда”

А. Кадирова, директордун орун басары: “Маянабыз көтөрүлгөн менен кымбатчылыктан улам акчабыз азык-түлүккө эле кетип калууда”

30.05.2026
Казакстанда ЖИ мектептерде окутула баштайт

Казакстанда ЖИ мектептерде окутула баштайт

26.05.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
212 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.