Бишкек шаарында ирандыктардын “Имам Хомейни” атындагы билим берүү комплексинде жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанат өттү. Ага Иран Ислам Республикасынын элчиси Голам Хоссейн Ядегари, элчиликтин кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар жана алардын ата-энелери катышты.
Иш-чарада Иран Ислам Республикасынын мамлекеттик гимни аткарылгандан кийин окуучулардын өнөрлөрү тартууланып, ошондой эле Иран тууралуу тасма көрсөтүлдү.
Андан соң мектептин директору Ахмад Мокадас сөз сүйлөп, окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, ар бир курактагы окуучуларга өзүнчө каалоо-тилектерин билдирип, жаңы окуу жылында окуучуларга ийгиликтерди каалады.
Ал жаңы окуу жылын билим алуунун жаңы этабы катары баалап, билим берүү комплексинин алдына коюлган максаттарды ишке ашырууда ата-энелердин маанилүү ролун белгиледи. Анын айтымында, мектептин ишмердүүлүгү окуучулардын жеке жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө, адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөгө жана коомдук жоопкерчиликти калыптандырууга багытталган.
Иш-чаранын алкагында февраль айында АКШнын Минаб шаарындагы «Шажаре-йе Тайебе» мектебине жасаган чабуулунан каза болгон окуучуларынын элесине арналган видеоролик да көрсөтүлдү.
Жаңы окуу жылынын башталганын билдирген символдук коңгуроо кагылгандан кийин Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари сөз сүйлөдү. Элчи окуу жылынын башталышы менен окуучуларды куттуктап, өзгөчө мектеп босогосун биринчи жолу аттаган биринчи класстын окуучуларына ийгилик каалады.
Ал Иранда жаңы окуу жылы жылдын экинчи жарым жылдыгынын биринчи күнү – күн календары боюнча 1-мехр айында башталарын, «Мехр» сөзү фарсы тилинде бир нече мааниге ээ экенин, анын негизги маанилеринин бири — мээрим, экинчиси — күн экенин белгиледи. Анын айтымында, мектеп ушул эки маанини тең камтыган чөйрө болуп саналат.
Ядегари илим-билимдин мааниси фарсы маданиятында жана адабиятында байыртадан бери өзгөчө орунда турганын белгиледи. Анын айтымында, Фирдоуси, Саади, Хафиз, Низами жана башка белгилүү акын-жазуучулардын чыгармаларында билим, акылмандык жана илим темалары кеңири чагылдырылган.
Элчи Носер Хосровдун билимдин күчү тууралуу ыр саптарын эске салып, азыркы дүйнөдө илим-билим мамлекеттин күчүнүн негизги булактарынын бири экенин айтты.
Анын белгилешинче, күч жана таасир аскердик тармак менен гана чектелбейт. Экономика, маданият, илим, технология жана башка тармактардагы жетишкендиктер да мамлекеттин күчүн аныктайт.
Элчи окуучуларды билим алууга олуттуу мамиле кылууга жана өз өлкөсүнүн өнүгүүсү менен прогресси үчүн билимге умтулууга чакырды. Анын айтымында, жаштар алган билимдерин келечекти курууга пайдаланып, эч бир күч алардын өлкөсүнө жогору жактан карап же аларга карата терс мамиле жасай албаган коомду түзүүгө умтулушу керек.
Элчи билим берүү комплексинде окуган афганстандык окуучуларга да өзүнчө кайрылды. Ал Афганистанда билим берүү тармагында бир катар чектөөлөргө туш болуп жатышканын белгилеп, аларга берилген билим алуу жана илим үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууга чакырды. Анын айтымында, бул мүмкүнчүлүк келечекте өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошууга шарт түзөт.
Салтанаттын соңунда элчи мектептин мыкты окуучуларына сыйлыктарды жана белектерди тапшырды.
Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына Иран Ислам Республикасынын муркум Жогорку лидери, аятолла Сейед Али Хаменеиге арналган тасма көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө АКШ менен Израилдин чабуулдарында каза болгон мектеп окуучуларынын элесине арналган такта коюлуп, жүздөн ашуун окуучулардын сүрөттөрү коюлган. Иш-чаранын катышуучулары курман болгондордун элесин эскерип, көңүл айтуу сөздөрүн калтырышты.


















