Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Орусия Москвага ынак өлкөлөрдөн келген студенттерди кабыл алууну пландап жатат

  • Россия
  • 20.10.2026 09:57

Loading

Росскызматташтык (Россотрудничество) агенттиги Орусияда билим алууну каалаган чет өлкөлүк абитуриенттерди тандоо талаптарын катаалдаштырууну көздөп жатат. 2027-жылдан тартып өкмөттүк квота боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө Орусия менен абитуриент келген өлкөнүн ортосундагы саясий мамилелер эске алынат.

Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы «Ведомости» басылмасына билдирген. Ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн белгилүү бир багыттагы адистерге болгон чыныгы муктаждыгы да баалана баштай турганы белгиленген.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк абитуриенттер үчүн даярдоо программалары түзүлүп, кабыл алуу процессинин ар бир этабында маалыматтык колдоо көрсөтүү жана адистик тандоо боюнча кеңеш берүү кызматтары ишке киргизилет.

Тема боюнча

Орусия космоско өзөктүк курал жайгаштыруу пландары тууралуу маалыматтарды четке какты

Орусия космоско өзөктүк курал жайгаштыруу пландары тууралуу маалыматтарды четке какты

27.11.2026

Росскызматташтык агенттигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы чет өлкөлүк жарандардан Орусияда квота боюнча билим алууга 80 миңден ашык арыз түшкөн. Ал эми быйыл алардын саны 110 миңге жеткен. Агенттик суроо-талап мындан ары да өсөт деп болжолдоодо. Орусиялык билим берүүгө КМШ өлкөлөрүндө жана жакынкы чет өлкөлөрдө, Азияда, Африкада, Латын Америкасында жана Жакынкы Чыгышта салттуу түрдө кызыгуу жогору.

Г. В. Плеханов университетинин проректору Дмитрий Штыхнонун айтымында, Орусиянын өнөктөш өлкөлөрү медицина, инженерия, маалыматтык технологиялар жана табигый илимдер боюнча адистерди даярдоого көбүрөөк кызыкдар болушу мүмкүн. Тактап айтканда, стоматология, жасалма интеллект, математика, курулуш, электротехника, мунай-газ тармагы жана тоо-кен иши багыттарына суроо-талап жогору болот деп күтүлүүдө.

«Элдик фронт» уюмунун эксперти Дмитрий Глушконун пикиринде, азыркы учурда Орусиянын жогорку билим берүү системасы чет өлкөлүк жарандардын муктаждыктарына жетиштүү деңгээлде багытталган эмес. Анын айтымында, окутуу толугу менен орус тилинде жүргүзүлөт же англис тилинде окутуу формалдуу түрдө гана жарыяланат.

Ошол эле учурда чет өлкөлүк студенттерге эмгек мигранттарына карата колдонулган мыйзам талаптары да жайылтылат. Эксперт белгилегендей, азырынча Орусияга кирүү жана өлкөдө болуу шарттарын ыңгайлуу деп айтуу кыйын.

Глушко ошондой эле чет өлкөлүк жаран Орусияда өкмөттүк квота боюнча окуу үчүн виза алуу менен алек болуп жаткан учурда, башка өлкөнүн университетинен ушундай эле чакыруу алып калышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Билим берүү жана илим министрлигиРоссияРоссиядагы кыргыз мигранттары
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Путин Орусиянын жасалма интеллект боюнча улуттук стратегиясын жаңылоону сунуштады

Путин Орусиянын жасалма интеллект боюнча улуттук стратегиясын жаңылоону сунуштады

27.11.2026
Орусия космоско өзөктүк курал жайгаштыруу пландары тууралуу маалыматтарды четке какты

Орусия космоско өзөктүк курал жайгаштыруу пландары тууралуу маалыматтарды четке какты

27.11.2026
Башкыртстанда кылмыштуу курьердик кызматтын сегиз мүчөсү кармалды

Башкыртстанда кылмыштуу курьердик кызматтын сегиз мүчөсү кармалды

25.11.2026
Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

25.11.2026
«Чоң үчтүктүн» саммитиндеги Иран маселеси: кызыкчылыктар жана пикир келишпестиктер

«Чоң үчтүктүн» саммитиндеги Иран маселеси: кызыкчылыктар жана пикир келишпестиктер

23.11.2026
Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

21.11.2026
Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЖИ шартында жаштарга кандай билим берүү керек?

ЖИ шартында жаштарга кандай билим берүү керек?

17.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.