Telegram видеоплатформа болууга биринчи кадамын таштады. Бул тууралуу платформанын негиздөөчүсү Павел Дуров өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Анын айтымында, ушул убакка чейин каналдардагы видеолор биринчи жүктөлгөн форматта көрсөтүлүп келген, бул колдонуучулар кыска видеону көрүү үчүн көп учурда гигабайттарды күтүп, жүктөп алууга туура келген.
Жаңыртуулардын аркасында Telegram эми туташуу ылдамдыгына жараша видеого эң ылайыктуу сапатты автоматтык түрдө тандап алат жана популярдуу видеолорду агым үчүн оптималдаштырат.
“Натыйжада Telegramдан видео көрүү бир топ ыңгайлуу болуп калды!” — деп белгиледи Дуров.



















