Технологиялык санариптештирүү ыкмасы киргенден бери, коомчулуктун басымдуу бөлүгү банк картасын колдонуп, күнүмдүк тиричиликтеги соода-сатыкты да электрондук капчык менен эсептешип калды.
Электрондук капчыктын визиткасы расмий түрдө мамлекеттик катоодон өткөн банктардын картасы болуп эсептелип, мобилдик телефонго уланган тиркемеси аркылуу кандай гана маселе болбосун чечүүгө ыңгайлуу шарт түзүп, карапайым эл үчүн да жакшы болду.
Бирок, мурдагы көчөдө элдин накталай чөнтөктөгү акчасына кол салган чөнтөкчү, каракчылар виртуалдык дүйнөдөн да карактоонун жолун таап, кишилердин жеке картасынан, болгондо да чоң суммадагы акчаларын которуу жолу менен уурдап жатышат.
Айрыкча, Кыргызстан коммерсиялык банкына тиешелүү МБанк картасы хаккерлер тарабынан болгон чабуулга туруштук бере албай, жабыр тарткан кардарлары соц.тармактар аркылуу төмөнкүдөй билдирүүлөрдү калтырышууда.
“МБанк канчалаган адамдарды сыздатып жатат. Айрымдарга алдамчылар аркылуу моюндарына жүз миңдеген насыя илинип, жабырлануучулар МБанкка карыздар болушуп, акыйкат издеп жүрүшөт.
Кээ бирлери “Эсебимде турган акчамдан дайын жок, МБанк алып койду” дешип, кайтара албай убара. Акчасын туура эмес которуп алгандар арыз менен кайрылышса дагы адамдын күлкүсүн келтирген жок шылтоолорду айтышып, кайтарып беришпейт экен.
Айтор, алсам-жулсам, кайтарып бербейм деген саясатты карманып, ишмердүулүк жүргүзгөн куйтулардын уюгу десек жарашчудай.
“Албетте, тез, ыкчам ыңгайлуу жагы да бар. Бирок, эң негизгиси жарандардын укугу, кепилдиги корголгон эмес” деген билдирүүнү Алмаз Темирбек деген фейсбук колдонуучусу калтырса,
Сайрагул Садыковна деген дагы бир Фейсбук колдонуучусу “Бул пикирге кошулам, МБанкта кардарлардын кызыкчылыктары корголгон эмес. Алданган, арызданган адамдар толуп кетти” деген пикирин билдирген.
Чындыгында эле, кредит алуу үчүн жарандар банктарга документтерин топтоп алып, кайра-кайра барган менен ала алышпайт. Ал эми МБанк аркылуу шлуундар бирөөнүн атынан олчойгон кредитти заматта алып коюшканы таң калыштуу…
Ошондуктан, санриптик технологияга байланыштуу болуп жаткан коомчулуктагы бул көйгөйлөрдү изилдөө максатында МБанктын кызматкери Асель Абыкеевага кайрылганыбызда, ал төмөндөгүдөй жооп берди:
“Коммерциялык банк Кыргызстан” ААК | MBANK алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу өз кардарларына кайрылуу жасоо менен эскертип келет. Алдамчылар ар кандай ыкмаларды колдонууу менен, жарандардын аманаттарын жана баалуу буюмдарын уурдоого аракет кылышат. Ошондуктан, банк тарабынан кардарларга негизги эрежелерди сактоо боюнча туруктуу негизде маалыматтар берилип турат. Эгер кардар биз айткан эрежелерди сактай билсе, анда акча каражаттарынын жана аманаттардын коопсуздугуна өз салымын кошо алат”.
Мындан тышкары ал “Коммерциялык банк Кыргызстан” банкынын кызматкери өзүнүн билдирүүсүндө, “кардарлардын банктык маалыматтарын коргоо үчүн, MBANK аралыктан кардарлардын видеоидентификациясын колдонуу менен алдамчылык аракеттерден алдын алуунун заманбап системаларын колдонот. Ошондой эле, интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүүдө, колдонуучунун 3D-Secure эки факторлуу аутентификациясы колдонулат. Ошондуктан кардарлар, өздөрүнө сак болушу шарт” деп баса белгиледи.
Анын айтымында, банк кызматкерлери эч качан телефон чалуу менен кардарга насыя алгандыгы тууралуу кабарлабайт. Болгону уюлдук телефонго банк тарабынан насыя алгандыгы тууралуу SMS-кат жөнөтүлөт.
Шылуундар МБанктын 3333 номурун маскировкалоо менен кардарлардын башын айлантууда. Эгер кардар шектүү билдирүүлорду же чалууларды байкап калса, дароо анын аныктыгын текшерүү үчүн 3333 номери боюнча Банктын борборуна кайрылуусу керектигин кенен түшүндүрдү.
Ошондой эле адис өз сөзүндө “Жарандарды биздин расмий сайтыбызга жана социалдык тармактарга чыгып жаткан маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат элем. Кардар эч качан пин-код, CVV-код, паспорт маалыматтарын жана билдирүүлөрдөгү бир жолку коддорун эч кимге бербеши керек. Биз коопсуздук чараларынын үстүндө терең иштөө менен пайда болгон коркунучтар жөнүндө кардарларга маалымдоону уланта беребиз. Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, кардарларды дагы бир жолу сак болууга чакырат элем” деди.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.



















