Депутат Миргүл Темирбаева Кыргызстандагы убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады. Ал мындай демилгени Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү.
«Бул сунушту көптөгөн жарандар социалдык тармактарда колдоп жатышат. Алардын айтымында, убакытты артка жылдыруу менен элдин психикалык саламаттыгын сактап, жаш балдарды таң эрте менен мектепке жана бала бакчага алып барууда бир катар түйшүктөрдөн арылса болот. Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө менен өлкөнүн экономикасына бир аз болсо да салым кошулат», – деди ал.
Эл өкүлү бул чечим биринчи кезекте элдин жалпы ден соолугу үчүн маанилүү экенин белгиледи.
«Бала бакчага барган балдарга, окуучуларга абдан кыйын болуп жатат. Алыскы айылдарда таңкы саат 5-6ларда туруп мектепке барган балдарды жолдо иттер талап, чөө бөрүлөр кол салган учурларды да угуп жүрөбүз. Эрте турган балдардын саламаттыгына да терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргызстандагы убакытты 1 саат артка жылдырууну Министрлер Кабинети тарабынан карап чыгууга протоколдук тапшырма берүүнү сунуш кылам», – деди Миргүл Темирбаева.
Бул пикирди депутат Сүйүнбек Өмүрзаков да колдоп, Н.Койлубаевдин тиешелүү каты Жогорку Кеңештин Төрагасына да келгенин маалымдады. Ал бул чечимдин кабыл алынышы кыш мезгилинде жашоо шартын жеңилдете турганын кошумчалады.
Эске салсак, 16-ноябрда врач-стоматолог Нурали Койлубаев Бишкек убактысын бир саат артка жылдыруу сунушун берип, маалымат жыйынын өткөркөн. Анын айтымында, убакытты артка жылдыруу менен элдин психикалык саламаттыгын сактап, жаш балдарды таңга маал мектеп, бала бакчага алып баруу түйшүгүнөн кутулса болот. Ошондой эле, электр энергиясы сыяктуу экономикалык чыгымдарды жана убакытты үнөмдөсө болот.
Койлубаев 2013-жылдан бери коомго, элге, экономикага олуттуу таасир берүүчү убакыт ченеми саатты өз алкагына жылдырып берүү боюнча врач катары тынбай маселе көтөрүп келе жатат. Мурдагы президент А. Атамбаевке, С.Жээнбековко, Өкмөт башчы болуп иштеген Т.Сариевке жана бир катар депутаттарга да кайрылган. Тилекке каршы, эч натыйжа чыккан эмес.



















