Ирандын мурдагы тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф бул жылкы Нобель тынчтык сыйлыгын Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Франческа Альбанезеге тапшырууну сунуштады.
Ал бул сунушун X соцтармактагы баракчасына жазды.
Зариф өз билдирүүсүндө БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Франческа Албанезе АКШнын Газа элине каршы кылмыштардагы ролу тууралуу билдирүүлөрү үчүн АКШ санкция киргизгенине токтолду.
“Вашингтондун айыптоосунун негизсиздигинин далили: АКШ Сириядагы “Аль-Каиданын” лидерин террористтердин тизмесинен чыгарып, ошол эле учурда БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысына санкция киргизди”, – деп жазды ал.
Зариф 1984-жылы болгон окуя сыяктуу эле экенин, анда АКШ Саддам Хусейнди тизмеден чыгарып, ага Иранды киргизгенин кошмчалады.
Ирандык саясатчы фарсы жана англис тилдеринде жарыялаган бул постунда “Нобель тынчтык сыйлыгы Альбанезе үчүн” хештегин колдонгон.
Эске салсак, АКШ БУУнун Палестина аймактары боюнча атайын баяндамачысы Франческа Альбанезеге каршы санкция киргизди. Бул чечим анын Эл аралык кылмыш соту тарабынан америкалык жана израилдик аткаминерлерге карата чара көрүүсүнө аракет кылганы үчүн кабыл алынган.
Өткөн жылы Альбанезе Газа тилкесиндеги окуяларды “көзөмөлдөнгөн геноцид” деп атаган. Ал бир нече ирет Эл аралык кылмыш сотунун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кармоо тууралуу ордерин колдогон жана Рим статутун тааныган мамлекеттерди аны кармоого чакырган.
Буга чейин “Washington Free Beacon” басылмасы Трамптын администрациясы Альбанезени кызматтан алуу өтүнүчүн БУУга расмий түрдө жөнөткөнүн кабарлаган. Анда Альбанезе “антисемитизмди колдойт”, “терроризмди колдойт” жана “Израиль менен иштешкен эл аралык компанияларга кысым көрсөтөт” деген дооматтар коюлган.
БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы кызматына 2022-жылы дайындалган Франческа Альбанезе Израиль ХАМАСка каршы операция баштагандан бери Израилге каршы санкцияларды жана курал эмбаргосун киргизүүнү талап кылып келген. Израил өкмөтү Альбанезенин 7-октябрдагы кыргындын курмандыктары жөөт болгону үчүн эмес, Израилдин эзүүсүнө жооп катары өлтүрүлгөнүн билдиргенден кийин 2024-жылдын февраль айында анын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган.
















