Иран Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) ишине Израилдин катышуусуна мүмкүнчүлүк бербөөнү сунуштады. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гариб-Абади билдирди.
Буга чейин Азербайжандын маалымат каражаттары Израилдин президенти Ицхак Герцог Азербайжанда өткөн Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) саммитинде сөз сүйлөп жатканда, залдан 28 өлкөнүн ичинен 14 мамлекеттин делегациялары чыгып кеткенин кабарлашкан. Алардын арасында Ирандын, Пакистандын, Түркиянын, Палестина администрациясынын жана Кувейттин өкүлдөрү да болгон.
«Израилди АӨИЧКнын курамынан чыгарууга убакыт келди», — деди Гариб-Абади Бакуда өткөн саммиттеги сөзүндө. Анын билдирүүсүн ISNA агенттиги келтирди.
Ирандын дипломатынын белгилешинче, Тегеран аймактагы туруксуздуктун жана коопсуздукка болгон коркунучтун негизги булагы катары Израилди эсептейт. Анын айтымында, эгер учурдагы кырдаал мындан ары да курчуса, Жакынкы Чыгыштагы кризис Ирандын жана жалпы аймактын чегинен чыгып кетиши мүмкүн.
Ошондой эле ал Тегеран согушка умтулбай турганын, бирок өзүнө карата жасалган ар кандай агрессияга чечкиндүү жооп кайтарарын билдирди. Дипломат Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын курчушу дүйнөлүк энергетика, соода жана логистика тармактарына олуттуу чыгымдарды алып келиши мүмкүн экенин эскертти.
Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) курамына 28 мамлекет кирет. Алар: Россия, Азербайжан, Афганистан, Бангладеш, Бахрейн, Вьетнам, Египет, Израиль, Индия, Иордания, Ирак, Иран, Казакстан, Камбоджа, Катар, Кыргызстан, Кытай, Кувейт, Монголия, Бириккен Араб Эмираттары, Палестина, Пакистан, Түштүк Корея, Тажикстан, Таиланд, Түркия, Өзбекстан жана Шри-Ланка.


















