Иран менен АКШнын ортосундагы ыктымал келишим тууралуу сөздөр күчөп жаткан учурда ирандык журналист жана саясий баяндамачы Мохсен Махдиян бул процесске байланыштуу өз көз карашын жарыялады. Анын айтымында, бүгүнкү кырдаалды түшүнүү үчүн окуяны башынан тартып туура талдоо керек. Болбосо, адамдар ички чала баяндардын арасында да, тышкы атайын бурмаланган маалыматтардын ичинде да адашып калышы мүмкүн.
Автордун пикиринде, бул окуя АКШ Ирандагы башаламандыктар аркылуу Ислам Республикасын кулатууга болот деп эсептеген учурдан башталган. Вашингтондун негизги ою — эгер азыркы бийлик куласа, анда өзөктүк программа, ракета маселеси жана аймактагы каршылык күчтөрү боюнча бардык көйгөйлөр өзүнөн өзү чечилет деген түшүнүк болгон. Бирок окуя алардын күткөнүндөй өнүккөн эмес.
Тескерисинче, АКШ бир маанилүү нерсени түшүндү. Алар Ислам Республикасы бир гана адамга көз каранды система эмес экенин аңдашты. Ошондой эле элдин сырткы көрүнүшүнө карап алардын мамлекетке жана азыркы түзүлүшкө болгон байланышын аныктоо мүмкүн эместигин түшүнүшкөн. Дал ушул жерде АКШнын мурдагы эсеп-кысабы өзгөргөн.
Андан кийин Ирандын душмандарынын максаты өзгөргөн. Баштапкы “режимди өзгөртүү” планынын ордуна “өлкөнү алсыратуу” максаты коюлган. Бул үчүн өзөктүк программага жана ракета тармагына басым жасалган. Бирок бул жерде да катуу тоскоолдукка туш болушту. Эмне үчүн? Анткени Ислам Республикасы согуштун чыгымын америкалыктардын жана европалыктардын дасторконуна чейин жеткирди.
Анын жыйынтыгында АКШ өз өлкөсүнүн ичинде басынтылган абалга түштү. Европа менен Вашингтондун ортосунда пикир келишпестиктер күчөдү. Дүйнөлүк коомчулук АКШны көзөмөлсүз согуштун баштоочусу катары кабыл ала баштады. Ошондой эле аймактагы мамлекеттер тышкы күчтөргө таянган коопсуздук туруктуу болбой турганын түшүнүштү.
Автордун пикиринде, ушундай шартта АКШ ок атышууну токтотууга аргасыз болгон. Бирок бул тыныгуу Иран үчүн пайдалуу мүмкүнчүлүккө айланган. Сүйлөшүүлөр учурунда каршы тарап азыркы Иран мурдагы Иран эмес экенин түшүнгөн.
Ошол эле учурда ок атышууну токтотуу Иранга коргонуу мүмкүнчүлүгүн кайра чыңдоого, дипломатиялык байланыштарды күчөтүүгө жана аймактагы таасирин бекемдөөгө шарт түздү. Мындан тышкары, өлкө мунайды көбүрөөк көлөмдө жана кымбатыраак баада сатууга жетишти.
Мына ушунда алар Иранды курчоого алуу саясатын башташты. Бул саясат Иран үчүн чыгым алып келгени менен, АКШны өзү түзгөн баткакка андан бетер батырууда. Дал ушул жерде Ирандын жаңы стратегиясы көрүнүп калды. Ал стратегия “убакыт аркылуу алсыратуу” деп мүнөздөлөт. Башкача айтканда, убакыттын өтүшү Вашингтонго каршы иштей баштаган.
Иран лидеринин Ормуз кысыгы тууралуу билдирүүсүнө дагы өзгөчө көңүл бурулган. “Ормуз кысыгы — биздин иденттүүлүк байлыгыбыз” деген сөздөрдүн мааниси бул аймак жөн гана экономикалык жол эмес, суверендүүлүктү көрсөтүүчү стратегиялык чекит экенин билдирет.
Автордун пикиринде, убакыт өткөн сайын аймактагы мамлекеттерге экономикалык басым күчөгөн, АКШда инфляция өскөн, Европада энергетикалык кризис тереңдеген. Мындай кырдаал Европанын Вашингтонго болгон нааразычылыгын күчөткөн. Ошондой эле дүйнөлүк коомдук пикир Дональд Трампты согушчул жана жеңилген саясатчы катары көрө баштаган. Бул жагдай алдыдагы шайлоолордо дагы ага кыйынчылык жаратышы мүмкүн.
Ошол эле учурда Иран акырындык менен өзүн калыбына келтирип жатты; аскердик мүмкүнчүлүгүн да, дипломатиясын да күчөтүп жатты. Өлкө Европа менен АКШнын ортосундагы пикир келишпестиктерди жана аймактагы мамлекеттердин нааразычылыктарын өз пайдасына колдонгон. Ормуз кысыгындагы кемелерди көзөмөлдөө аркылуу Иран өзүнүн таасирин көрсөтүп, дүйнөлүк коомдук пикирди да өз тарабына буруп жатты.
Акырында Трамп убакыттын өзүнө каршы, ал эми Ислам Республикасынын пайдасына иштеп жатканын аңдады. Ошондон кийин кайрадан коркутууларга өттү. Бирок ошол эле учурда бир негизги суроо жоопсуз калган: кайсы сокку “акыркы чечүүчү сокку” боло алат? Ушул учурда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу дагы билдирүү жасап, эгер согуш башталса, анда ал аймактан тышкаркы масштабга өтөрүн эскертти. Ошондон кийин Трамп кайрадан сүйлөшүү жана келишим темасына кайтууга аргасыз болду. Автор муну “башка жол калбагандыгы” менен түшүндүрөт.
Эксперт мүмкүн болгон келишимдин жыйынтыгына да токтолду. Анын айтымында, мындай шартта АКШ Иранга каршы курчоону азайтууга, Ирандын өзөктүк макамын кабыл алууга жана ракета программасына байланыштуу мурдагы талаптарынан баш тартууга мажбур болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, Вашингтон аймактагы ок атышууну токтотуу маселесин кабыл алып, Ирандын “каршылык фронтундагы” негизги ролун таанууга аргасыз болот. Ошондой эле санкциялар боюнча дагы артка чегинүү болушу мүмкүн экени белгиленет. Автор Ормуз кысыгындагы Ирандын үстөмдүгү айрым санкциялардын таасирин алсыратканын дагы кошумчалаган.
Эксперттин пикиринде, акырында АКШ согуштан дээрлик куру кол чыгат. Анын аброю толук талкаланат. Союздаштарынын ортосунда пикир келишпестик күчөйт, ишенимине доо кетет жана эң негизгиси мурда ачык болгон Ормуз кысыгын кайра ачууга туура келет; бирок бул жолу Ислам Республикасынын эгемендүүлүгүн кабыл алуу менен болот. Мындан өткөн басынуу барбы?















