“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 18-сентябрдагы жыйынында биринчи окууда каралды. Ал Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленгенүүдө. Мыйзам долбоорунун түпкү максаты тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңеш депутаты Талайбек Масабиров ушул эле күнү ММКларга маалымат берди. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, жол эрежесин бузуудагы айып пулдардын үстөк пайызы жоюлуп жатат. Бул шарт калктын социалдык абалын эске алып, жеңилдик түзүү максатын көздөйт.
Ошондой эле депутат автоунаалардын терезелерин караңгылатуу багытында каралган жеңилдиктерге да токтолду. “Башта бул багытта уруксаат алууга кайрылгандар 80 миң сомдук төлөм жүргүзүүсү керек болсо, соңку өзгөртүүлөргө ылайык, ал сумма 50 миң сом өлчөмүндө болору айтылууда”, – деди эл өкүлү.























