Бүгүн, 30-сентябрда 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата, үй-бүлө институтун бекемдөө жана өркүндөтүү максатында экс министр Гүлнара Баатырованын демилгеси жана коомдук ишмер, белгилүү журналисттер Элнура Кулуеванын, Аманбол Бабакуловдун уюштуруусу менен “БИРГЕ” долбоорунун алкагында иш-чара өттү. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мүчөсү, журналист Элнура Кулуева билдирди.
Иш-чара Жогорку Кеңештин Төрагасы Н. Шакиевдин жетекчилигинде жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда өтүү.
Ага 7 областтан 20 жуп үлгүлүү түгөйлөр (50-60-70 жыл бирге бактылуу жашаган) катышып, коомго үлгү катары сыйланышты.
1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген. Көптөгөн кылымдардан бери кыргыз эли карыларын кастарлап, урмат-сый көрсөтүү менен, аларды үлгү тутушуп келишкен. 34 жылдан бери бул күн майрам катары белгиленүүдө.
Бул майрам коомчулукту жана өкмөттү улгайган жарандарыбызды камкордукка алууга, ошондой эле үй-бүлө институтуна көңүл бурууга чакырат. Үй-бүлө — ар бирибиз үчүн жашоодогу эң маанилүү нерсе. Үй-бүлө — жакын жана тууган адамдар, биз жакшы тилек айтып, сүйүп, үлгү алып, улгайганда камкордук көрө турган адамдар.
Узак жашоонун бирден бир себеби бактылуу толук үй-бүлө. Үй-бүлө институтун өнүктүрүү, салттуу үй-бүлөлук баалуулуктарды сактоо жана жогорулатуу жана калыбына келтирүү, үй-бүлөнүн коомдун алдында жоопкерчилигин өнүктүрүү башкы милдетибиз. Үй-бүлө институту бекем болсо, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, балдарды жана карыяларды үй-бүлөдөн ажыратуу болмок эмес. Үй-бүлөлүк мамилелердин маанилүүлүгүн жана баалуулугун унутпоо, жакын адамдарыбызга, айрыкча үй-бүлөнүн жашы өтүп калган мүчөлөрунө өзгөчө кам көрүү, сүйүү жана сый-урмат көрсөтүүнү жогорулатууну күчөтүү шарт. Урмат-сый жана сүйүү бар жерде узак жашоо жана бактылуулук бар. Карыларга болгон камкордук аркылуу коомдун моралдык деңгээли бааланат. Улгайган жарандар коомдо, ар бир үй-бүлөдө баркталууга тийиш.
Иш чаранын жүрүшүндө ошондой эле жаңыдан турмуш жолуна аттанып, баш кошуп жаткан жаштарга ардактуу карылар баталарын беришти.
2023-жылдын маалыматтарына ылайык, 45 495 (январь-июль) нике катталса, 12 552 ажырашуулар катталган. Кыргызстанда аялдар 58 жаштан, эркек кишилер 63 жашынан тартып улгайган адам катары эсептелет.
2023-жылдын башында 65 жаш жана андан улуу курактагылар 378,1 миң адамды түзгөн, бул жалпы кыргызстандыктардын 5,4 пайызын түзөт. Алардын дээрлик он миңге жакыны атайын социалдык камкордукка алынган.


















