Ош шаарында коомдук жайларда жүзүн толугу менен жаап (никаб кийип) жүргөн аялдарга эскертүүлөр берилип, мыйзамды кайрадан бузгандарга 20 миң сомдон айып салына баштады.
Бул тууралуу Ош ШИИБнын маалымат кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мыйзам бузган 6 жаранга 20 миң сомдон айыппул салынды.
Милиция кызматкерлери жүргүзгөн рейд учурунда 80ге жакын жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүп, атайын буклеттерди таратты. Түшүндүрүү иштерин аял милиция кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топ жүргүзүп жатышат.
“Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Ош шаарынын аймагында жүзүн толугу менен жаап жүргөн аялдар азайып бара жаткандыгы байкалууда”,-деди Сыдыков.
Буга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында коомдук жайларда жүзүн толук жапкан аялдарга эскертүүлөр берилип, мыйзамдын беренелери жазылган атайын китепчелерди таратышкан.
Бул иш-чараларды шаардык милицияда иштеген аял кызматкерлер, КР УКМКнын өкүлдөрү, президентке караштуу Дин иштери жана улут аралык мамилелер боюнча агенттиктин жана шаардык казыяттардын аял кызматкерлери өткөрүшүүдө.
Быйыл январь айында gрезидент Садыр Жапаров “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, бетти толугу менен жабуучу беткаптар, диний кийимдер, жоолуктар, шлемдерди кийүүгө мүмкүн эмес. Ал эми үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сом айып пул салына турган болгон.
Бул мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалыматтар чыга баштаганда коомчулукта бир топ талкуулар жаралды. Буга gрезидент Жапаров жооп кылып, бул бийликтин саясаты эместигин, бул Муфтияттын Кыргызстан мусулмандарына чийип берген эрежеси экенин айткан.






















