Президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасына «Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле, (жасалма, уюштурма арыздар менен) ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, Президенттин админстрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот. Сөзсүз чара көрөбүз» деп жазды.
Чындыгында Президенттин бул кайрылуусу чакан, орто жана чоң бизнесмендер үчүн жакшы жаңылык.
Анткени, коррупциялык система менен күрөшүүнүн негизинде орто жана ири базарлар мамлекеттин карамагына өтүп, соодагерлер иштетип жаткан жерлердин ижара акысы 30 пайыздан, 50 пайызга чейин арзандай турганы Мамлекеттик аткаруу бийлигинин расмий өкүлдөрү тарабынан жарыяланган. Ошол эле маалда орто жана ири базарлардын ээлери да соодагерлерге кайрылып, ижара акысын арзандата тургандыктарын түз эфир аркылуу жарыялашкан.
Бирок, тилекке каршы, кээ бир ири базарлардын ижара акысы “арзандайт же арзандады” деген билдирүүлөр кагаз жүзүндө гана калып, иш жүзүндө ишке ашпагандыгы тууралуу чакан бизнестин ээлери айтып жатышат.
Гүлайым Борбукеева, ишкер:
“Ижара акылыр арзандаган жок”
“Саламатсыңарбы, биз Ош базарынан кайрылып жатабыз. Ош базарынын жетекчилиги биздин чакан бизнести жүргүзүү үчүн алган жумушчу орундарыбыздын ижара акысын жаңы жылдан кийин арзандатып беребиз деген. Тилекке каршы арзандаткан жок. Биз 80 сантиметр жерди арендага алып, ижара акысына күнүнө 250 сомдон төлөп жатабыз. Сатуудагы нандарга 2 сомдон кошобуз. Сиздерге кайрылып жаткандыгыбыздын себеби төмөндөгүдөй:
“Биринчиден, Ош базарынын жетекчилиги ижара акыларды арзандаткан жок. Экинчиден, атайын кызматкерлер “ижара акылар арзандады деп айткыла” деп жатышат. Чындыгында андай эмес. Биздин ижара акыны тийиштүү органдар реалдуу түрдө арзандатып берсин. Эгер көңүл буруулар болбосо, Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылабыз”,- деди ал.
“Кой терисин жамынган карышкырлар” өлкө жетекчилеринин атына көлөкө түшүрүүдө
Кээ бир жетекчилер Президенттин жарлыгына гана эмес, түз буйругун да бурмалап, каалагандай калчап, кызматтык абалынан ашыкча пайдалангандар да жок эмес. Бул көрүнүш “бөрк ал десе, баш алган” болуп, жыйынтыгында бийликтин жүргүзуп жаткан коррупциялык система менен күрөшүүсүн жокко чыгарып, элге ишенбөөчүлүктү жаратып жаткан учурлар бар. Ошондуктан эл Мамлекеттин башкаруу бийлигинен тышкары аткаруу бийлиги, минстрликтерден баштап, жергиликтүү бийликтер бар экендигине карабай, түз эле Президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төорагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып жаткандыктарынын себеби мына ушунда турат.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.



















