Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Шайлоо, орус тили, сөз эркиндиги, кадр саясаты. Президенттин кезектеги маеги

  • Интервью
  • 05.07.2025 11:21

Loading

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде Москвадагы сапары шайлоо менен байланыштуу деген пикирлерди четке какты. Мындан сырткары мамлекет башчысы орус тили, сөз эркиндиги жана өлкөдөгү кадр саясатына да токтолду.

— Жакында Москва шаарына болгон иш сапарыңыз ар түрдүү пикирлерге себеп болду. Айрым маалымат булактары бул сапарды алдыдагы шайлоону макулдашуу максатында болгон деген божомолдорду айтышууда. Россия жетекчилиги менен алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча сөз болдубу?

— Москвага жумушчу сапарым менен гана барып келдим. Эки тараптуу экономикалык кызматташтык, соода-сатык, биздин мигранттардын маселелери жана башка иштер боюнча сөздөр болду.

Тема боюнча

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026

Шайлоолор бул биздин ички саясий иштерибиз. Качан жана кандай өткөрөбүз аны биз эч ким менен кеңешпейбиз.

— Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин орус тилине байланыштуу ыраазычылыгын билдирди. Расмий тил макамын өзгөртүү керек деген пикирди карманган саясатчыларыбыз да жок эмес. Кыргызстанда орус тилинин азыркы макамы жана келечеги боюнча көз карашыңызды бөлүшө кетсеңиз?

— Орус тили бизде расмий тил деп баш мыйзамыбызда белгиленген. Орус тилин биз колдоп келе жатканыбыз үчүн Владимир Владимирович ыраазычылыгын айтты. Негизи орус тили бизге муктаж эмес, биз орус тилине муктажбыз. Биринчиден, орус тили дүйнөлүк алты тилдердин бири. Экинчиден, орус тилисиз биз Кыргызстандан алыс чыга албасыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мисалы КМШ өлкөлөрүн айтпай эле коеюн, кошуна эле мамлекеттерди алалы. Өзбекстан менен Тажикстанга барсаң орус тилсиз сүйлөшө албайсың. Ошол эле Европа, Америка, Кытай өлкөлөрүнө барсаң орус котормочуларды колдонушат. Орус тил макамын өзгөртөлү деген саясатчылардын сунушу туура эмес. Албетте биринчи кезекте өзүбүздүн тилибизди өнүктүрүшүбүз керек. Бирок орус, англис тилин да билишибиз керек. Дүйнөнүн тең жарымы ушул эки тилди колдонушат. Азыркы өсүп келе жаткан жаштарыбыз 3-4 тилде сүйлөп жатышпайбы. Көп тилдерди билген жакшы да. Дүйнөнүн кайсы бурчуна барба эркин жүрөсүң.

— “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору учурда сиздин карооңузга келгени маалым. Журналисттер арасында бул мыйзам Жогорку Кеңеште сөз эркиндигине чектөө коюшу мүмкүн деген нормалар менен толукталып калды деп тынчсызданууларын айтышууда?

— Ал мыйзам менен тааныша элекмин. Таанышкандан кийин же кол коем же каршы пикир менен артка кайтарам.

— Жакында журналист Канышай Мамыркулова пробация тартибинде эркиндикке чыкты. Бул иш боюнча коомчулукта да ар кандай көз караштар айтылып жатат. Өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендер да бар.

— Биздин өлкөдө эч качан сөз эркиндигине кысым болбойт. Буга кыргыз эли да жол бербейт. Себеби кыргыз эли эркин жүргөн эл. Ал эми Канышайдыкы болсо ал сөз эркиндиги эмес. Мейли бизди кандай сындаса ошондой сындай берсин, биз сынын көтөрөбүз. Аныкынан чоң сындарга деле көңүл бурбай иштеп келе жатабыз. Бирок Тажикстан менен чек ара маселеси жакшы чечилип бүтүп жатканда эки өлкөнүн ортосуна от жакканы бул сөз эркиндигине жатпайт. Бул жоопкерчиликсиз нерсе. Кудай анын бетин ары кылсын эгер кайрадан согуш чыгып кете турган болсо Канышай барып согушпайт эле. Ал тили менен сайрап эки мамлекетти кагыштырып коюп Бишкекте олтура берет. Жөнөкөй жаш балдар окко учат. Ушуну ар бир жаран мейли журналистсиңби же жөнөкөй жарансыңбы эстен чыгарбаш керек. Сөз эркиндиги десе эле жалган маалыматтарды таратып элдин башын айлантканды токтотуш керек.

— Соцтармакта катуу талкуу жараткан дагы бир тема Балыкчы шаарынын жаңы дайындалган мэри Султан Керималиевдин маеги болууда. Көпчүлүк анын мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганын, ашыкча мактанчаактыгын белгилешип, бийлик кадрларды кантип тандайт деген суроону коюшууда. Балыкчынын мэри мисалы кантип келип калды?

— Бул жигит Балыкчынын көл жээгин жасаган жигит. Чолпон-Атада дагы жакшы иштерди жасап жүрөт. Иш билги жигит экенин көрүп, Чолпон-Атага мэр болуп иштеп бер деп чакырсак мен Балыкчыга мэр болсом жакшы болот эле, Лас-Вегас кылат элем дегенинен макул деп Балыкчынын мэрин Чолпон-Атага жылдырып бул жигитти Балыкчыга мэр кылдык. Мен президент болуп келген 5 жылдын ичинде көп түрлүү адамдарды көрдүм. Бир түрү сөзгө чоркок бирок иштин майын чыгарат. Экинчи түрү тили укмуш сайрайт, бирок колунан эч нерсе келбегендерди да көрдүм. 2020-жылы жаштарды бийликке алып келиш керек деп эл талап койгондо жаштарды да министр кылып көрдүм. Беш ай иштей албай кызматтан кеткендер болду. Бизде жакшы кадрлар жетишпейт. Себеби 30 жыл кадр өстүргөн эмеспиз да. Мурда тааныш билиштик кылып эле кызматка ала беришчү. Албетте бул биздин трагедиябыз болгон.

Азыр эми келечекке кадрларды даярдаш үчүн мектептен баштадык. Чолпон-Атада эки жылдан бери “Акылман” мектеби иштеп жатат. Жакында түштүккө дагы бир “Акылман” мектебин ачабыз. Чолпон-Атага келбестен түштүк жактагы балдарыбыз ошол жакта эле окушса болот. Ал мектепти бүтүргөндөр 100 пайыз мамлекеттик кызматтар менен камсыз болушат. Бирөө да көчөдө калбайт. Муну мыйзам менен бекитип койдук. Бул эми келечектин иши.

Албетте мэр болгондон кийин мамлекеттик кызматтын этикасын сакташ керек болчу. Этиканы сактабаганын мен да көрдүм. Бирок эми этикасын оңдосок болот. Адам да. Айбан эмес. Эң негизгиси өзү башка мэрлердей болуп ууру болбош керек. Таза иштеп бериш керек. Балыкчыны өзү айткандай Лас-Вегас кылышы керек. Мамлекетке, элге анын тили эмес, жасаган иши пайда болот. Убакыт берели этикасы оңолбосо анан көрөбүз.

Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: интервьюкадркадр саясатыпрезидентС. Жапаровсөз эркиндиги
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026
С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026
 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

24.07.2026
К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026
Кыргызстанда мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат үч эсеге көбөйөт

Кыргызстанда мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат үч эсеге көбөйөт

12.06.2026
С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

12.06.2026
С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

05.06.2026
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

04.06.2026
 С. Жапаров ЕАЭБ жыйынында ЖИнин мамлекетти башкаруудагы орду тууралуу айтты

 С. Жапаров ЕАЭБ жыйынында ЖИнин мамлекетти башкаруудагы орду тууралуу айтты

29.05.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.