Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Айдоочулук күбөлүктөр эмне үчүн толук алмаштырылууда? Президент түшүндүрдү

  • Интервью
  • 20.01.2026 09:51

Loading

Акыркы күндөрү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу маселеси коомчулукта эки ача пикирлерди жаратууда. Айрыкча “эски күбөлүктөрдү сөзсүз алмаштыруу керекпи?”, “мөөнөт дагы узартылабы?” деген суроолор элди түйшөлтүп жатат. Бул маселенин келип чыгуу себептери, жасалма документтерге каршы күрөш жана “Түндүк” санариптик платформасындагы техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу президент Садыр Жапаров кеңири түшүндүрмө берди.

— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич? Акыркы күндөрү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча коомчулукта ажиотаж жаралууда. “Эски күбөлүктөрдү алмаштыруу керекпи же жокпу, мөөнөтү дагы узартылат экен” деген ар кандай кептер айтылууда. Мындай маселе эмнеден улам чыгып жатат?

— Чынында эле айдоочулук күбөлүктөр маселеси 30 жылдан бери дээрлик каралбай келген. Биздин эски паспортторубуз да, ID-карталарыбыз (АйДи) да, айдоочулук күбөлүктөрүбүз да чет өлкөлөрдөн чыгарылып жүргөн.

Тема боюнча

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026

Бирок алардын коргоо элементтери алсыз, сапатсыз болчу. Былтыртан тарта бардык мамлекеттик документтерди “Учкун” ишканасында чыгарууну баштадык.

Анын ичинде, техпаспорт, айдоочулук күбөлүк, унаалардын мамлекеттик номерине чейин өзүбүз чыгарып жатабыз. Сапаттары эң жогору.

Мурда чыгарылган айдоочулук күбөлүктөрдү, ID-паспортторду мигранттардын арасында башка улуттун өкүлдөрү жасалмалап саткан учурлар болгон. Азыр да ошол ID-паспорттор менен жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү Россияда колдонуп жүрүшөт.

Биздин жасалма паспорттор менен террористтер да кармалган учурлар катталган.

Мындай көрүнүштөр Кыргызстандын аброюна, эл аралык имиджине доо кетирди.

Эми мындан ары мындай көрүнүштөр болбойт. Жасалма паспорт деген түшүнүк жоюлат.

Ошондуктан бул ишти баштадык. Эски күбөлүктөрдү бекер алмаштырып бүтүп, жокко чыгарып салсак, аларды бизде да, чет өлкөлөрдө да колдоно албай калышат.

Эмне үчүн дегенде азыркы учурда деле кээ бир жарандарыбыз Россиядан жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алып, Кыргызстанга келип унаа айдап жүргөн фактылар бар.

Ушуга байланыштуу учурда мамлекеттик деңгээлде бардык айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка расмий документтерди инвентаризациялоо, тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз.

Бул иштердин негизги максаты мыйзамсыз колдонулуп жаткан документтерди толук аныктоо, тартип орнотуу, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу жана мамлекетибиздин эл аралык аброюна шек келтирүүгө жол бербөө болуп саналат.

Ошондуктан эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн баарын жаңысына алмаштыруу чечими кабыл алынды.

Баса белгилей кетсем, жаңы үлгүдөгү документтердин коргоосу эң жогорку деңгээлде, аларды жасалмалоо мүмкүн эмес. Ушул себептен улам жарандарга “алмаштыргыла” деп айтаар элем.

— Айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү боюнча да суроолор көп. Айрымдардын күбөлүгү мөөнөтсүз, бирок “Түндүктө” мөөнөтү 2027-жылы, кээ бириники 2028-жылы бүтөт экен. Бул жагдайда кандай тартип болот?

— Бул жерде так түшүндүрүп коёюн. Жогорудагы себептерден улам эски ID-карталарыбыз да, айдоочулук күбөлүктөрүбүз да алмаштырылууда.

Андыктан жарандарыбыз чет өлкөгө чыгууну пландап жатса да, “мен чет өлкөгө чыкпайм, Кыргызстан ичинде гана айдайм” десе да күбөлүктөрүн жаңыга алмаштырышы керек.

Айрымдарыныкы аты-жөнү окулбай, сүрөтү таанылбай калган абалга жеткен. Андыктан мөөнөтсүз күбөлүктөрдү толук алмаштыруу шарт.

Күбөлүктөрдү алмаштыруу кызматы дем алышсыз, тыныгуусуз саат эртең мененки 8:30дан кечки 23:00гө чейин көрсөтүлүүдө.

Буга чейин мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу №083 формадагы медициналык маалымкатты милдеттүү түрдө берүү менен жүргүзүлүп келген. Бул процессти жеткиликтүү кылуу жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүгү бар жарандар үчүн медициналык маалымкатсыз алмаштыруу тартиби кирди.

Медициналык маалымкат айдоочулук күбөлүктү өмүрүндө алгачкы жолу алып жаткандарга гана талап кылынат.

— Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн “Түндүк” порталы аркылуу да айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууга шарт түзүлдү. Анткени менен, тилекке каршы, акыркы убакта порталдын иштебей калган учурлары катталды. Мындай керектүү кезде системада мүчүлүштүктөрдүн жаралышына эмне себеп болду?

— “Түндүк” системасы боюнча да так айта кетейин. Мурдагы өкмөттөр “санариптештирүү” деп сөз менен гана айтып келишкен, иш жүзүндө бул тармакка жетиштүү көңүл бурулган эмес. Каржы салынбай, серверлер алсыз болгон.

“Түндүк” сервердик инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого капиталдык салымдар салынбагандыгына байланыштуу, анын сервердик инфраструктурасын жакшыртуу максатында Президенттик фонддон 122,5 млн сом бөлүндү. Бул “Түндүк” платформасын модернизациялоого мүмкүндүк берет.

Учурда “Түндүк” ААК тиешелүү жабдууларды жеткирүүчүлөрдү тандап жатат. Мындан тышкары, “Түндүк” платформасын модернизациялоонун 1-этабын өткөрүү максатында республикалык бюджеттен 9,5 млн сом бөлүндү.

Натыйжада системанын мүмкүнчүлүгү кыйла күчөтүлѳт.

Жакында “Түндүк” иштебей калганы — эл шашылып, бир учурда өтө көп адам системага кирип алгандыктан, чоң жүктөм болду. Ошол жүктөмдү система (сервер) көтөрө албай калды.

Бул маселени дагы толук жөнгө салуу боюнча иштер улана берет.

Ошондуктан баарыңыздар эски ID-паспорт менен айдоочулук күбөлүктөрүңүздөрдү толук алмаштырып алыңыздар.

Келечекте Кыргызстандын жараны дегендерден дүйнөлүк коомчулук эч күмөн санабагандай болуш керек.

Биздин өлкөдө жана биз жөнүндө мындан ары жасалма деген “кара сыя” болбош керек.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: айдоочулук күбөлүкпрезидентСадыр Жапаров
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026
Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

23.09.2026
Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

19.09.2026
Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

17.09.2026
Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

11.09.2026
Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

31.08.2026
Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

31.08.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.