Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Эки жылдан ашык убакыттан кийин Ливан жаңы президентин шайлады

  • Батыш Азия, Дүйнө, Саясат
  • 10.01.2025 12:59

Loading

9-январда Ливандын парламенти куралдуу күчтөрдүн командачысы генерал Жозеф Аунду көпчүлүк добуш менен өлкөнүн президенти кылып шайлады, деп билдирди Al-Ahed телеканалы.

Жакынкы Чыгыш республикасында президенттик кызмат 2022-жылдын октябрынан бери, мурдагы президент Мишель Аундун (жаңы президент менен фамилиясы уйкаш) ыйгарым укуктары аяктагандан бери бош турган. Бул мезгилде премьер-министр Нажиб Микати президенттик ыйгарым укуктарды аткарып келген.

Жозеф Аун президенттик кызматка экинчи аракетинде шайлана алды: биринчи турда ал шайлоо үчүн зарыл болгон 86 депутаттын (128 мандаттын ичинен) 71инин гана добушун алды, экинчи турда анын талапкерлиги үчүн 99 парламентарий добуш берди. Анын атаандаштары болгон эмес.

Тема боюнча

Израилдеги шайлоо: Нетаньяхунун блогу алдыда, бирок бийлик маселеси чечиле элек

Израилдеги шайлоо: Нетаньяхунун блогу алдыда, бирок бийлик маселеси чечиле элек

29.10.2026

Парламент мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнөн кийин Ливандын жаңы шайланган президенти Жозеф Аун парламентарийлердин алдында ант берди.

Жозеф Аун деген ким?

Ливандын президенти Жозеф Аун 1964-жылы 10-январда Бейруттун чыгыш четиндеги Син эль-Филде төрөлгөн.

60 жаштагы Аун 2017-жылдын мартында армиянын башчысы болуп дайындалган жана 2024-жылдын январында кызматтан кетиши керек болчу, бирок анын мөөнөтү Израиль-Хезболла чатагы учурунда эки жолу узартылган.

Өзүнүн карьерасында ал Ливандын куралдуу күчтөрүндө бир нече негизги кызматтарды ээлеген, анын ичинде бригадаларды жетектөө жана өлкө аймагында терроризмге каршы стратегиясына катышкан. Колбашчы катары Аун куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн модернизациялоого жана жакшыртууга чоң салым кошкон.

Анын жетекчилиги астында Ливандын армиясы экстремисттик топторго каршы күрөшкө активдүү катышып, чек арадагы кырдаалды стабилдештирип, ички тартипти сактоо боюнча иштерди жүргүзгөн.

Президентти шайлоо тартиби

Ливандагы президенттик шайлоо процесси Конституция жана бийликти конфессиялык бөлүштүрүүгө негизделген өлкөнүн саясий системасынын өзгөчөлүктөрү менен жөнгө салынат. Президент 128 депутаттан турган парламент тарабынан алты жылдык мөөнөткө шайланат жана экинчи мөөнөткө катары менен кайра шайлана албайт.

Ливандын конституциясы өлкөнүн президенти христианин-маронит болушун талап кылат. Президентти шайлоо үчүн биринчи турда депутаттардын үчтөн экисинин, ал эми кийинки турларда абсолюттук көпчүлүктүн добушун алуусу керек.

Белгилей кетсек, Ливан 2019-жылдагы оор финансылык кризистин жана Израил менен болгон соңку согуштун кесепеттеринен дагы эле чыга элек. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Израиль армиясынын аракеттеринен Ливанга келтирилген зыян 8,5 миллиард долларды түздү.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Жозеф АунЛиванпрезидентшайлоо
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Изилдөө: Трампты колдогон шайлоочулардын 35%ы АКШдагы аралык шайлоого катышкан эмес

Изилдөө: Трампты колдогон шайлоочулардын 35%ы АКШдагы аралык шайлоого катышкан эмес

17.11.2026
Израилдеги шайлоо: Нетаньяхунун блогу алдыда, бирок бийлик маселеси чечиле элек

Израилдеги шайлоо: Нетаньяхунун блогу алдыда, бирок бийлик маселеси чечиле элек

29.10.2026
Израилдеги парламенттик шайлоо: добуштарды саноо уланууда 

Израилдеги парламенттик шайлоо: добуштарды саноо уланууда 

28.10.2026
Израилдеги шайлоодо араб партиялары 18 орунга ээ болду: палестиналыктардын шайлоого активдүү катышуусуна эмне себеп болду?

Израилдеги шайлоодо араб партиялары 18 орунга ээ болду: палестиналыктардын шайлоого активдүү катышуусуна эмне себеп болду?

28.10.2026
АКШдагы аралык шайлоолор: Трамптын бийлиги үчүн сыноо жана саясий күчтөрдүн жаңы тең салмагы

АКШдагы аралык шайлоолор: Трамптын бийлиги үчүн сыноо жана саясий күчтөрдүн жаңы тең салмагы

22.10.2026
Трамптын билдирүүсү Нетаньяхуну куткара алган жок

Трамптын билдирүүсү Нетаньяхуну куткара алган жок

21.10.2026
«Ансар Аллах» менен «Хезболланын» байланышы: Эки күчтүн кызматташтыгынын өзөгү эмнеде? — Эксперттин пикири

«Ансар Аллах» менен «Хезболланын» байланышы: Эки күчтүн кызматташтыгынын өзөгү эмнеде? — Эксперттин пикири

30.09.2026
Шайлоонун алдында рейтинги төмөндөп жаткан Нетаньяху өлкөгө сырттан кол салуу коркунучу бар экенин билдирди

Шайлоонун алдында рейтинги төмөндөп жаткан Нетаньяху өлкөгө сырттан кол салуу коркунучу бар экенин билдирди

30.09.2026
Казакстандын БШКсы Курултайга болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады

Казакстандын БШКсы Курултайга болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады

24.08.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.