Перу өлкөсүндө сот мурдагы президент Ольянта Умаланы акча адалдоо боюнча иш боюнча 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
Анын жубайы Надин Эредия да ушундай эле мөөнөткө соттолду. Тергөөнүн маалыматына караганда, жубайлар бразилиялык курулуш компаниясынан мыйзамсыз каржылоо алышкан, бул каражаттар Умаланын 2006 жана 2011-жылдардагы шайлоо кампанияларына жумшалган. Прокуратура мурда Умала үчүн 20 жыл, ал эми Эредия үчүн 26 жылдан ашык жаза сураган.
Өкүм үч жылдан ашык созулган сот иши бүткөндөн кийин чыгарылды. 62 жаштагы Умала сот залында өзү катышкан, жубайы видеобайланыш аркылуу катышкан. Эки айыпталуучу тең күнөөсүн моюнуна алган жок.
Ольянта Умала — мурдагы аскер офицери. Ал 2000-жылы президент Альберто Фухимориге каршы ийгиликсиз төңкөрүш аракетинен кийин таанылган. 2006-жылы биринчи жолу президенттикке талапкерлигин коюп, прокуратуранын маалыматы боюнча, ал учурда Венесуэла президенти Уго Чавестен да мыйзамсыз каржылык колдоо алган.



















