Бүгүн, 2-сентябрда, Ош шаарындагы Киров орто мектебинин имаратына жардыруучу зат коюлганы боюнча милицияга маалымат түшкөн.
Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Замир Сыдыков билдирди.
“Бүгүн, 13:34тө белгисиз жарандар тарабынан калаадагы Киров орто мектебинин имаратында жардыруучу зат коюлганы тууралуу 5-милиция бөлүмчөсүнө маалымат келип түшкөн. Учурда оперативдүү кызматкерлер мектептин ичин, айланасын карап текшерүүгө алышууда. Алдыда кошумча маалымат берилет”,-деди Замир Сыдыков.
Ушул жылдын 22-августунда да Ош шаардык мэриясынын имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Анда мэриянын жана облустук администрациянын кызматкерлери эвакуацияланып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Тилекке жараша, түшкөн маалымат жалган болуп, эч кандай жардыруучу каражат табылган эмес.


















