2025-жылы Трамптын администрациясы Конгрессте кароо процедурасын айланып өтүп, Израилге 2,04 миллиард долларлык курал-жарак сатууну жактырган.
ЖМКларда АКШнын администрациясы Израилге жалпы суммасы 2,8 миллиард долларды түзгөн, ар биринин салмагы 1 тонна болгон бомбаларды сатууга даярданып жатканы тууралуу маалыматтар тарады. Израиль бул бомбаларды Газа секторунда да колдонуп келет.
Америкалык «Washington Post» (WP) гезити аты-жөнү айтылбаган америкалык аткаминерге таянуу менен АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Израилге курал сатуу боюнча акыркы жылдардагы эң ири келишимдердин бирине даярданып жатканын билдирди.
Маалыматта АКШнын администрациясы Израилге ар бири болжол менен 1 тонна салмактагы 20 миң MK-84 бомбасын жана 20 миң BLU-117 бомбасын сатууга «жашыл жарык» бергени айтылат. Ошондой эле ушул эле пакеттин алкагында 20 миң I-2000 Penetrator дүрмөтүн сатууга уруксат берилиши күтүлүүдө.
Бул маалыматка ылайык, АКШ Конгрессинде расмий эмес билдирүү жасалган, ал эми жакын арада расмий жарыя күтүлүүдө. Ошондой эле бул келишим демократтар үчүн өзүнчө бир «лакмус кагазы» болору белгиленет.
Эгер келишим ишке ашса, бомбаларды сатуу боюнча бул келишим акыркы жылдардагы ок-дарыларды сатуу боюнча эң ири келишим болуп, анын жалпы баасы 2,8 миллиард долларды түзөт.
Израиль бир нече жолу, анын ичинде Газадагы согуш учурунда колдонгон MK-84 бомбалары өзгөчө кыйратуучу күчү менен белгилүү. Жарылуудан кийин алардын металл сыныктары жүздөгөн метр аралыкка чейин учуп, металлды жана калың бетонду тешип өтүшү мүмкүн, ошондой эле жер бетинде чоң чуңкурларды пайда кылат.
Бул маалымат боюнча комментарий берген, аты-жөнү айтылбаган дагы бир америкалык аткаминер мындай деди:
«Чет өлкөгө курал-жарактын бардык сатылышы белгиленген процедураларга ылайык жүргүзүлөт. Биз али аяктай элек келишимдерге комментарий бербейбиз».
2025-жылы Трамптын администрациясы Конгрессте кароо процедурасын айланып өтүп, Израилге 2,04 миллиард долларлык курал-жарак сатууну жактырган. Бул келишим Конгресстеги демократтар менен республикачылардын ортосунда бир катар талаш-тартыштарды жараткан.

















