Сентябрда Орусия 2022-жылдын май айынан бери биринчи жолу Евробиримдиктин эң ири газ берүүчүсү болуп калды. Бул тууралуу РИА Новости Евростаттын маалыматына таянуу менен билдирди.
Сентябрда европалык компаниялар Орусиядан газды 1,4 миллиард еврого сатып алышты – бул 2024-жылдын августуна жана 2023-жылдын сентябрына караганда үчтөн бир эсе көп. Орус көгүлтүр отунунун экспортунун 40%га жакыны суюлтулган газ, 60%ы – түтүк аркылуу өткөн. Алсак, сентябрь айындагы газдын көлөмүндөгү Орусиянын үлүшү август айындагы 16,54%га каршы 23,74% түздү. 2022-жылдын май айында импорттун 22,9%ын түзгөн.
Алжир экинчи орунда турат, ал өткөн айга салыштырмалуу жеткирүүлөрдү 15% га кыскартты – 1,1 миллиард евро. АКШ сентябрда сатууну 21%га көбөйтүп, 990,2 миллион еврого жеткирип, үчүнчү орунду ээледи. Төртүнчү орунга Норвегия чыкты: экспорттолгон газдын көлөмү 7%га көбөйүп, 975 миллион еврону түздү. Улуу Британия жеткирүүлөрдү 2,4 эсеге кыскартып, 429,2 миллион евро менен бешинчи орунга чыкты.



















