Саясий серепчи Алмаз Темирбаев өзүнүн YouTube-каналында Францияда жана Европанын бир катар өлкөлөрүндө күчөп жаткан нааразылык акцияларынын себептерине токтолуп, алардын артында социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн тышкары тарыхый жана саясий жагдайлар да турганын белгиледи. Анын айтымында, коомдогу нааразылыкты бир гана мигранттар менен байланыштырбастан, адамдарды көчөгө чыгууга түрткөн негизги себептерди тереңирээк талдоо зарыл.
Ал Франциядагы, Италиядагы жана башка Европа өлкөлөрүндөгү кырдаалды Ирандагы окуялар, Африкадагы мурдагы колониялардын тарыхы жана 1789-жылдагы Француз революциясынын мааниси менен байланыштырып түшүндүрдү.
Европадагы нааразылыктын негизги себептери
Алмаз Темирбаевдин айтымында, Францияда көптөн бери уланып келе жаткан митингдер акыркы күндөрү дагы күчөп, айрым жерлерде дүкөндөрдү талап-тоноо сыяктуу окуялар катталды. Мындай көрүнүштөр Италияда да байкалууда. Миланда жана Албанияда дагы бир топ убакыттан бери нааразылык акциялары өтүп жатат.
Бул окуялардын себептерин түшүнүү үчүн адамдар эмне үчүн көчөгө чыгып жатканын, аларды эмне нааразы кылып жатканын жана коомдогу чыңалууга кандай жагдайлар түрткү берип жатканын аныктоо зарыл. Бул маселени Ирандагы окуялар менен да байланышта кароого болот.
Нааразычылыкка чыккандарды мигранттар менен байланыштырып, күнөөнү ошолорго жүктөгөн пикирлер айтылууда. Бирок мындай көз караштын канчалык негиздүү экенин түшүнүү үчүн Франциянын Африкадагы мурдагы колониялары менен болгон тарыхына жана 1789-жылдагы Француз революциясына да көңүл буруу керек.
Ирандагы окуялар менен Франциядагы кырдаалдын байланышы
Алмаз Темирбаев Иранга АКШ менен Израиль кол салганга чейин бул өлкөдө да нааразылык акциялары болгонун эске салды. Анын айтымында, ошол мезгилде Батыш өлкөлөрүнүн көпчүлүк лидерлери Ирандагы митингчилерди колдоп, соцтармактар аркылуу билдирүүлөрдү жарыялашып, башка ирандыктарды да нааразылык акцияларына катышууга үндөшкөн. Алар бул аракеттердин артында өздөрү турганын ачык билдиришип, элден муну жашырышкан эмес.
“Азыр артка кылчайып карасак, көп нерсе түшүнүктүү болуп турат. Бул чоң операциянын бир бөлүгү болгон экен. Башында митингдерди уюштуруп, бийлик кыйын абалга кептелгенде өздөрү кирип барып, анан төңкөрүш жасайбыз деген максат болгон. Бирок ал максатына жеткен жок”, – деди ал.
Эксперт бул жагдайды Франциянын президенти Эммануэль Макрондун азыркы абалы менен салыштырды. Анын айтымында, Ирандын бийлигине жарандарыңды ук деп сабак окуткан Макрон эми өз өлкөсүндөгү нааразылык акцияларына туш болуп, өзү жарандарын уруп-согуп жатат. Францияда бир нече жумадан бери токтобой жаткан митингдердин катышуучулары полиция менен кагылышып, көптөгөн адамдар кармалып, камакка алынды. Ошого карабастан, элдин кыжыры күчөп, нааразылык токтобой жатат.
Темирбаев Франциядагы нааразылыктын себептерин түшүндүрүп жатып, күнүмдүк жашоого түздөн-түз тиешелүү социалдык көйгөйлөрдү мисал келтирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү айрым мектептерде окуу шарттары начар, бир класста 30–40, ал тургай 50гө чейин окуучу отурат, мектептердеги дааратканалардын абалы начар. Ушундай эле көйгөйлөр ооруканаларда да бар, жалпы жашоо шарттарынын начарлашы жана керектүү нерселердин баары кымбатташы калктын нааразылыгын күчөткөн.
Мындан тышкары, ал эл аралык саясий кырдаалдын экономикалык кесепеттерине да токтолуп, Иран менен байланышкан согуштук жаңжалдын натыйжасында Ормуз кысыгынын жабылышы араб өлкөлөрүнүн мунай ташууларына таасирин тийгизгенин белгиледи. Бул жагдайдын кесепеттери дүйнөлүк рынокко жайылып, башка мамлекеттерде да сезиле башташы мүмкүн. Орусияга каршы киргизилген санкциялар мунайдын мурдагыдай көлөмдө жеткирилишине да таасир этти. Мындай шарттарда бензиндин кымбатташы башка нерселердин бааларына да таасир эткен. Натыйжада, коомдун эң төмөнкү катмарындагы адамдар көчөгө чыгып жатышат, алар көбүнчө жаштар.
Темирбаев митингдерге катышкандарды мигранттар катары көрсөтүүгө байланыштуу пикирлерге да токтолду. Анын айтымында, нааразылык акцияларынын катышуучуларынын арасында кара терилүү адамдардын болушу айрымдардын аларды мигранттар деп эсептешине алып келүүдө. Натыйжада, митингдерге жөнөкөй француздар эмес, жалаң гана мигранттар катышып жаткандай түшүнүк жаралууда. Нааразылык акцияларында мигранттар көп болушу мүмкүн экен, бирок француздар да катышып жатат.
Серепчи бул маселени Италиянын Милан шаарындагы окуя менен да байланыштырып, видеолордун бирин мисал келтирди.
Анын айтымында, видеодо орус тилинде сүйлөгөн аял мигранттарды сындап, «Миланыбызга эмне кылып жатышканын карагыла» деген мааниде мигранттар жөнүндө жаман сөздөрдү айткан. Ал белгилегендей, КМШ өлкөлөрүндө, анын ичинде Орусияда жана Казакстанда да Италияга жылына бир нече жолу барып, шопинг кылган адамдар бар. Алар Миландан миңдеген доллар турган сумкаларды, белгилүү италиялык бренддердин кийимдерин сатып алып, белгилүү жерлерде сүрөткө түшүп, эс алып келишет. Бирок, шаарга турист катары бир нече жолу барып келүү анын чыныгы жашоочусу болуу дегенди билдирбейт. Миландын өзүнүн чыныгы жашоочулары бар. Алардын айрымдары туристтер көп барган жерлерге барууга мүмкүнчүлүгү жок, шаардын чет жактарында кыйналып жашашат. Дал ошол адамдар көчөгө чыгып, нааразылыгын билдирип жатат.
Мындай адамдардын жашоосун түшүнүү үчүн алардын балдары билим алган мектептердеги шарттарды, алар барган ооруканалардын абалын жана күнүмдүк жашоосундагы кыйынчылыктарды көрүү керектигин, ошондон кийин «биздин Милан» дегенге болот. Башка мамлекетке турист катары барып, ошол өлкөнүн калкынын чыныгы жашоосун түшүнүү мүмкүн эмес.
Эгер нааразылык акцияларына катышкандардын арасында мигранттар көп болсо, анда бул көрүнүштү материалдык көйгөйлөр менен гана чектеп түшүндүрүүгө болбойт. Европа мамлекеттеринин дүйнөдө болуп жаткан окуяларга карата жүргүзгөн саясаты да таасир этип жатат.
Эл өздөрү шайлаган жетекчилердин жүргүзгөн саясатына жана билдирүүлөрүнө нааразы болууда. Мунун баары оттун үстүнө май куйгандай эле таасир берип жатат. Ошондуктан алар азыр көчөгө чыгып, ушундай митингдерди уюштуруп жатышат.
Темирбаев миграция маселесин Кыргызстандын жарандарынын тажрыйбасы менен салыштырып түшүндүрдү.
Анын айтымында, Кыргызстанда мигрант деген түшүнүк жакшы белгилүү, анткени миллиондогон жарандар Орусияда эмгектенип жүрүшөт. Акыркы жылдары Батыш өлкөлөрүнө да барып иштегендер көбөйдү. Бирок ал жакта деле жыргал жашоо жок. Чет өлкөгө барган адам ошол коомго толук аралашып кетүүдө кыйынчылыктарга туш болот. Башка өлкөдө жашоо шарты жакшыраак болгону менен, өз мекенине кайтууну каалагандар көп. Миграциянын себептерин түшүнүү үчүн адам эмне үчүн өз мекенин таштап, башка өлкөгө барууга мажбур болуп жатканын талдоо керек.
Ал миграцияга аргасыздыкты түшүндүрүү үчүн Ирандагы кырдаалды мисал катары келтирди: Эгер Иранда бийликти кулатуу аракети ийгиликке жетип, төңкөрүш болгон болсо, өлкөдө чоң башаламандык башталып, жарандык согуш чыгышы мүмкүн эле. Мунун себептеринин бири — Ирандын көп улуттуу мамлекет болушу. Иранда перстер калктын көпчүлүгүн түзгөнү менен, өлкөнүн түндүк-батышында азербайжандар, башка аймактарында арабдар, күрттөр, түркмөндөр жана башка элдер жашайт.
Бийлик кулагандан кийин башаламандык башталып, жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн эле. Ар кандай террордук топтор да пайда болушу мүмкүн болчу. Мындай шартта 90 миллионго жакын калкы бар Ирандын тургундары өз жеринде тынч жашап жүргөн жеринен согуштун айынан, коопсуздугун жана балдарын коргоо үчүн башка өлкөлөргө көчүүгө аргасыз болушмак. Алар кайда барышмак? Төңкөрүштү колдогон, алардын укуктары үчүн күрөшүп жатабыз дешкен, Ирандын аялдарынын укугу, иран элинин укуктары жөнүндө сүйлөшкөн европалык жетекчилердин сөздөрүнө ишенип, Европаны көздөй жөнөшмөк.
Темирбаев бул мисал аркылуу мигранттар жөн жерден эле бир жакка кетпей турганын белгилеп, Сирия менен Ливандагы окуяларды да эске салып, көптөгөн адамдарды башка жактарга көчүүгө мажбур болушканын айтты.
Франциянын Африкадагы колониялык тарыхы
Алмаз Темирбаев Европадагы миграциянын себептерин түшүндүрүүдө Франциянын Африкадагы мурдагы колониялары менен болгон тарыхына өзгөчө токтолду.
Анын айтымында, 1830-жылдардан тартып француздар Африканын көптөгөн өлкөлөрүнө барып, аларды колонияга айландырышкан. Колониялык башкаруунун жүрүшүндө жергиликтүү калктын байлыктары жана жаратылыш ресурстары пайдаланылып, алардын олуттуу бөлүгү Францияга чыгарылып турган.
Мисал катары уран бар Нигерди келтирип, ал жерден уран казылып алынып, өлкөгө аз өлчөмдө салык төлөнүп, кирешенин болжол менен беш-алты пайызы гана өлкөдө калтырылганын айтты.
Кийин Нигер эгемендүүлүк алгандан соң өлкөнүн президенти жаратылыш байлыктарынан түшкөн кирешенин көбүрөөк бөлүгүн өз өлкөсүндө калтырууга аракет кылган. Ошондо төңкөрүш жасап, ал кишини бийликтен кетирип, өздөрүнө ыңгайлуу адамды бийликке коюп коюшкан.
Анын айтымында, 1830-жылдардан тартып 1960-жылдарга чейин француздар Африкадагы бир катар өлкөлөрдүн ресурстарын пайдаланып, ошол аймактарда өздөрүнүн бийлигин орнотушкан. Колониялык башкаруунун натыйжасында жергиликтүү калктын көпчүлүгү француз тилин үйрөнүшкөн.
Кийин колониялар эгемендүүлүккө ээ болгону менен, Африкадагы көптөгөн мамлекеттердин жашоо шарттары өзгөргөн эмес. Ошондуктан жашоо шарты начар болгон өлкөлөрдүн жарандары өнүккөн мамлекеттерге барууга аракет кылышкан.
Алмаз Темирбаев Африкадан Францияга багыт алган миграциялык агымдын себептеринин бири катары француз тилин билүү, француздарды жана алардын маданиятын билүү сыяктуу жагдайларды атады.
Француздар Африкадагы айрым өлкөлөрдү колонияга айландырып, алардын ресурстарын пайдалануу менен гана чектелбестен, кийин да эгемендүүлүк бергенден кийин да ошол мамлекеттерге таасирин жүргүзө беришкен.
Мурдагы колониялардын айрымдарында француз франкын колдонууну таңуулашкан жана эгемендүүлүк берилген учурда түзүлгөн келишимдерде валюталык жана алтын резервдерин Францияда сактоо каралган. Кийин алар өздөрүнүн алтындарын алууга аракет кылышканда, Франция аларга өздөрүнүн алтындарын кредит катары берген. Ушундай шарттарда ошол мамлекеттердин жарандары кыйналып, Францияга келе башташкан. Аларга Францияда башка мамлекеттердин жарандарына салыштырмалуу айрым жеңилдиктер да берилгендиктен, Францияга барышкан. Натыйжада Францияга Алжирден, Мароккодон жана башка өлкөлөрдөн көптөгөн адамдар көчүп келишкен.
Саясий серепчи азыркы нааразылык акцияларына катышып жаткан жаштардын көбү Францияда төрөлүп же ошол жерде чоңойгон толук кандуу француз жарандары экенине көңүл бурду. Бул адамдардын тарыхын жана үй-бүлөлөрүнүн Францияга кандай шарттарда келгенин билбей туруп, аларды жөн гана сырттан келген мигранттар катары кароо туура эмес. Эгер өз өлкөсүндө жашоо жакшы болсо, ар бир адам өз мекенинде жашагысы келет. Акыркы эки жүз жылдык тарыхка караганда, көптөгөн адамдарды ошол жакка барууга аргасыз кылган жагдайлар болгон. Ошол себептен бүгүнкү күндө нааразылык акцияларына катышып жаткан адамдардын айрымдарынын өңү кара тору болгону үчүн эле аларды күнөөлөп жатышат. Бирок бул маселени чоң саясат менен байланышта кароо керек.
1789-жылдагы Улуу француз революциясы эмне үчүн маанилүү?
Алмаз Темирбаев 1789-жылдагы Француз революциясынын тарыхый маанисине да токтолду. Анын айтымында, революцияга чейин Францияда жана Европанын көпчүлүк мамлекеттеринде бийлик королдун колунда болгон. Король абсолюттук бийлик жүргүзүп, анын бийлиги Кудай тарабынан берилген деген түшүнүк элге кеңири жайылган.
Бул түшүнүктүн бекемделишинде чиркөөнүн жана дин кызматкерлеринин ролу чоң болгон. Дин кызматкерлери королго каршы чыгууну Кудайга каршы чыгуу менен теңеп, мындай көз караш аркылуу карапайым элдин аң-сезимине таасир этип, басмырлашкан.
Король менен чиркөө тыгыз кызматташып, чиркөөгө жана дин кызматкерлерине жер, байлыктар берилген, ал эми коомдун эң төмөнкү катмары абдан кыйналып жашаган. Байлардын жана феодалдардын жерлеринде эмгектенген адамдар кулдай жашап, укуктары чектелүү болгон. Ушундай абал адамдарды көтөрүлүшкө алып келген.
1700-жылдары Европада, анын ичинде Италияда Ренессанс доору башталып, адамдардын аң-сезими акырындап өзгөрө баштаган. Натыйжада эл көтөрүлүп чыгып, революция болгон.
1789-жылдагы Француз революциясы абдан маанилүү болгон. Революциядан кийин жарандын укуктары болушу керек деген түшүнүк бекемделип, сөз эркиндиги, жеке кол тийбестик жана менчик укугу сыяктуу принциптердин мааниси жогорулаган. Азыркы мамлекеттердин Конституцияларында камтылган айрым негизги түшүнүктөр ошол мезгилде калыптанган.
Революциядан кийин коомдук өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет менен динди бөлүү зарылдыгы жөнүндөгү түшүнүк бекемделген. Ар бир адам өз динин тутунса болот, бирок динди мамлекеттик иштерге аралаштырбоо керек деген принцип калыптанган. Светтик мамлекет деген түшүнүк да ошондо пайда болгон.
Серепчи азыркы Конституцияларда камтылган сөз эркиндиги, адам укуктары жана светтик мамлекет сыяктуу принциптердин өнүгүшүндө Француз революциясынын орду чоң экенин белгиледи.


















