Азияда суюлтулган жаратылыш газынын (СПГ) баасы 30 доллардан ашты. Бул Иранга каршы согуш башталганга чейинки баадан дээрлик үч эсе жогору жана акыркы төрт жылдагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.
Согушка чейин суюлтулган жаратылыш газынын бир партиясы болжол менен 10,50 доллардан сатылса, азыр анын баасы 30,50 долларга жетти.
Суюлтулган жаратылыш газын ташыган кемелер Ормуз кысыгы аркылуу дагы деле өтө албай жаткан шартта, Катар узак мөөнөттүү келишимдер боюнча газ жеткирүү милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу форс-мажор режимин ноябрь айына чейин узартты. Бул — экспорттоочу компания өз көзөмөлүнөн тышкаркы жагдайларга байланыштуу келишимдик милдеттенмелерин аткара албай калышы мүмкүн дегенди билдирет.
Bloomberg агенттигинин кабарчысы Стивен Степчинскинин айтымында, баалардын мындай өсүшү Ормуз кысыгы аркылуу суюлтулган жаратылыш газын ташуу үзгүлтүккө учураганын көрсөтөт. Ошол эле учурда Азия өлкөлөрү газга болгон суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу запастары төмөн деңгээлде турган Европа менен атаандашууга аргасыз болууда.




















