Октябрдын аягына карата Европа өлкөлөрү жер алдындагы газ сактоочу жайларын болгону 75,5%га толтура алышты. Бул энергетикалык ресурстардын баасы акыркы төрт жылдагы эң жогорку деңгээлге жеткен шартта, 2011-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч болду.
Бул тууралуу ТАСС агенттиги Gas Infrastructure Europe уюмунун маалыматына таянып кабарлады.
Бир катар өлкөлөр экинчи жумадан бери сактагычтарга газ куюуга караганда андан көбүрөөк көлөмдө газ алып пайдаланууда. Бул аймакта жылытуу мезгили акырындап башталганын билдирет. Азыркы учурга карата Европа газ сактоочу жайларына болгону 51 миллиард куб метр газ топтой алды.
26-октябрга карата Европадагы газ сактагычтардын толтурулуш деңгээли акыркы беш жылдагы орточо көрсөткүчтөн 14,65 пайыздык пунктка төмөн болуп, 2011-жылдан берки байкоолор тарыхындагы эң төмөнкү деңгээлге түштү.
Европа Биримдигинин газ сактагычтарында болжол менен 82,1 миллиард куб метр газ бар. Бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 9,4 миллиард куб метрге аз.

















