Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Москвага келди. Ал шейшемби күнү Газ экспорттоочу өлкөлөр форумунун сегизинчи саммитине катышат.
Бул тууралуу Ислам Республикасынын президентинин кеңсеси билдирди.
«Ирандын президенти Масуд Пезешкианү Газ экспорттоочу өлкөлөр форумунун сегизинчи саммитине катышуу үчүн бир нече мүнөт мурун Москвага келди», — деп айтылат Иран президентинин кеңсесинин билдирүүсүндө.
Саммитте сөз сүйлөөдөн тышкары, Иран мамлекетинин башчысы иш-чарага катыша турган бир катар мамлекеттердин лидерлери менен жолугушууларды өткөрөт.
Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали РИА Новости агенттигине билдиргендей, Масуд Пезешкиан форумдун алкагындагы иш-чараларга катышуудан тышкары, Орусиянын президенти Владимир Путин менен да жолугушууну пландап жатат.
Ирандык дипломаттын айтымында, жолугушууда Тегеран менен Москванын ортосундагы экономикалык кызматташтык, энергетикалык коопсуздук жана геосаясий маселелер талкууланат.


















