Бишкек шаарындагы билим берүү тармагында кезектеги коррупциялык схема аныкталып, УКМК тарабынан жемкорлор кармалды…
Борбор калаанын Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери К.А.К. жана Д.А.А. балдардын тамак-ашынын негизинде мыйзамсыз баюу максатында коррупциялык схема уюштурган…
Алар аталган райондогу мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тамак-аш сатып алуу боюнча филиалдарга, продукцияларды жеткирүүчүлөргө ар кандай тендерлерде жеңиштерди ыйгарып турушкан. Ошондой эле, жалган фирмалар аркылуу жасалма тендерлерди өткөрүшкөн.
Аттары аталган К.А.К. жана Д.А.А. жасаган кызматтары үчүн өткөрүлгөн тендердеги сумманын 10 пайызын алып турушкан…
Каржылоонун кыскарышынан улам балдарга берилүүчү тамак-аш азыктарынын сапатынын төмөндөшүнө түздөн-түз таасирин тийгизген…
Белгилей кетсек, 2022-жылы Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш азыктарын сатып алууга бюджеттик каражаттардын эсебинен 230 млн 141 миң сом бөлүнгөн…