Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

А. Медетбеков: “Бишкек саммити – ШКУнун жаңы стратегиясын аныктайт”

  • Интервью
  • 25.08.2026 16:33

Loading

Август айынын аягында Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун  (ШКУ) саммитине 21 мамлекеттин лидерлери жана өкүлдөрү келери күтүлүүдө.  Ал эми VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бир убакта өтө тургандыктан, Кыргызстандын коопсуздук тутумуна, өзгөчө УКМКга олуттуу жоопкерчилик жүктөлүүдө.

Бул тарыхый ири иш-чараларды жогорку деңгээлде коопсуз өткөрүүнүн тобокелдиктери жана маанилүүлүгү тууралуу УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Артур Медетбековго кайрылып бир катар суроолорго жооп алдык.

– ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу эки ири эл аралык иш-чараны бир убакта өткөрүүдө коопсуздук органдары үчүн эң негизги ички жана тышкы тобокелдиктер, ошондой эле дүйнөдөгү геосаясий чыңалууну эске алганда, Кыргызстандын атайын кызматтары (УКМК) үчүн эң башкы эл аралык тобокелдиктер жана коркунучтар кайсылар болушу мүмкүн?

Тема боюнча

ШКУ өлкөлөрү энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

ШКУ өлкөлөрү энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

22.10.2026

– 2026 – жыл Кыргызстан үчүн саясий жана экономикалык жагынан маанилүү жыл болуп, өлкөнү бүт дүйнө жүзү тааный баштады. Ошол эле тапта эл аралык деңгээлдеги эки ири иш-чараны бир убакта өткөрүү өлкө үчүн геосаясий аренада өзүн көрсөтүүгө берилген тарыхый мүмкүнчүлүк болуп калды.

Биринчиден, бул жылы Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болду. Мунун өзү тышкы саясатта өтө чоң жетишкендик. Мындан тышкары өлкөбүздө эл аралык деңгээлдеги спорт жана маданий иш чаралар өтүп, ага дүйнө жүзүнө белгилүү болгон инсандардын катышуусу саясий, экономикалык жагынан салымын кошту.

Эми алдыда боло турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшү Кыргызстан үчүн өтө чоң жоопкерчилик жана сыймык. Анткени ШКУга мүчө жана байкоочу 20га чукул мамлекеттин, ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык өлкөнүн жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү, элчилери, спортчулары, эл аралык уюмдардын делегаттары жана миңдеген туристтери катышат. Бул масштабдуу маданий-саясий иш-чара өлкө үчүн өтө чоң жоопкерчилик. Ошол эле тапта глобалдык масштабдагы мындай эки ири иш-чараны бир убакта өткөрүүдө мамлекеттин ички жана тышкы коопсуздугун камсыздоо маселеси өзгөчө мааниге ээ. Айрыкча, тышкы коопсуздук жагынан караганда олуттуу тобокелдиктер бар. Анткени эл аралык террордук, экстремисттик жана трансулуттук кылмыштуу топтордун мындай масштабдуу окуялардан пайдаланып, өздөрүнүн деструктивдүү аракеттерин активдештирүү потенциалын колдонуу ыктымалдуулугун дагы жокко чыгарууга болбойт.

Маселен, ШКУ саммитине катыша турган өлкөлөрдүн арасында Иран Ислам Республикасы да бар. Жалпыга маалым болгондой, акыркы убакта Иран аймактык тирешүүлөрдүн очогунда калып, бир катар аскердик-саясий чабуулдарга жана кысымдарга дуушар болуп келет. Учурда Тегеран менен Израиль жана АКШнын ортосунда убактылуу болсо да чыңалууну басаңдатуу аракеттери байкалганы менен, кырдаал туруксуз бойдон калууда. ШКУга мүчө айрым мамлекеттер Тегеранга гуманитардык жана саясий колдоо көрсөтүп жатса, кээ бир өлкөлөрдүн бейтарап позицияны карманышы геосаясий аренада ар кандай күмөн саноолорду жана карама-каршы пикирлерди жаратууда.

Негизинен ШКУнун алдыңкы кадамдарынын бири – тагдыры чечиле турган же мындан кийин кандай өзгөрүүлөр, кандай жаңы стратегиялык өзгөрүүлөр дал ушул Бишкек саммитинде кабыл алынышы күтүлүүдө.

Мындан тышкары, дүйнөдөгү өзгөрүп жаткан геосаясий кырдаалга жараша түзүлгөн шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу, өзгөчө киберкоопсуздукту күчөтүү боюнча сунуштар жигердүү талкууланууда. Мындай талкуулардын өзөгү — өлкөгө келе турган жогорку даражалуу коноктордун коопсуздугун кепилдөөгө багытталган. Ушуга байланыштуу, ата мекендик укук коргоо органдары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) глобалдык коркунучтарды терең талдоо менен комплекстүү даярдыктарды көрүп, коопсуздуктун бардык шарттарын жогорку деңгээлде түзүүдө.

Тышкы тобокелдиктердин дагы бир өзгөчө багыты — санариптештирүү процесстери жана киберчабуулдардын коркунучу болуп саналат. Технологиялык өнүгүүнүн алкагында келип чыгуучу ар кандай санариптик коркунучтарга өз убагында катуу сокку уруу жана аларга каршы туруу бүгүнкү күндүн башкы талабы. Ал эми ички коопсуздук жагдайына келе турган болсок, ШКУ саммити же Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда жол кыймылынын жана энергетикалык тармактын коопсуздугун камсыздоо эң орчундуу маселеге айланат. Себеби өлкө тарыхындагы жол-транспорттук кырсыктар же энергетикалык системадагы мүчүлүштүктөр буга чейин терс тажрыйба катары мисал боло алат. Бул жагдай укук коргоо жана тармактык органдардан өзгөчө жоопкерчиликти жана алдын ала комплекстүү иш алып барууну талап кылат.

Коопсуздукка коркунуч туудурган дагы бир олуттуу маселе — учурдагы саясий кырдаалдан пайдаланып, массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда ар кандай такталбаган, жалган же атайын уюштурулган чагымчыл маалыматтардын таратылышы болуп саналат. Айрым күчтөрдүн мындай бурмаланган фактылар аркылуу өздөрүнө саясий упай топтоого далалат кылышы коомдо моралдык-психологиялык чыңалууну жана чагымчылдыкты жаратат. Бул багытта укук коргоо органдары менен атайын кызматтар маалыматтык коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл буруп, мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча жигердүү иш алып баруусу зарыл.

Бул маселелердин алкагында эл аралык тажрыйбадан маанилүү бир мисал келтирсек болот. Маселен, 2006-жылы 22 миллиондон ашык калкы бар Шанхай шаарында ШКУнун саммити өтүп жаткан учурда, жергиликтүү бийлик органдары өкмөт жана шаардык мэрия жергиликтүү тургундардын 2 миллиондон ашуунун убактылуу шаардан чыгып туруусун өтүнгөн. Жыйынтыгында, эл үч күнгө шаарды бошотуп берген.

Белгилей кетсек, ал кезде ШКУнун курамына алты гана мамлекет кирчү. Мындай тажрыйба дүйнөлүк деңгээлдеги ири саммиттерди өткөрүүдө кеңири колдонулуп келет. Албетте, мыйзам чегинде киргизилген мындай чектөөлөр, транспорттун токтотулушу коомчулукта белгилүү бир деңгээлде ыңгайсыздыктарды жаратат. Бирок мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыгы жана коопсуздугу үчүн көрүлүп жаткан мындай кескин чаралар дүйнөлүк практикада калыптанган көрүнүш. Эң башкысы, бул жагдайлардын маанилүүлүгүн жана зарылдыгын коомчулукка туура түшүндүрүү, маалыматты ырааттуу жана так жеткирүү иштерин уюштуруу шарт.

– Коркунучтарды алдын ала нейтралдаштыруу үчүн укук коргоо органдары жана атайын кызматтар санариптик технологияларды канчалык деңгээлде колдонушу керек?

– Ата мекендик укук коргоо органдары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ШКУ, ЖККУ алкагындагы эл аралык конвенциялардын негизинде, дүйнөгө белгилүү террордук жана экстремисттик уюмдардын өлкө аймагына кирүү же жашыруун агенттерин жиберүү аракеттерине бөгөт коюу максатында күнү-түнү иштөөгө тийиш. Бул багытта шектүү элементтерди аныктоо, тактоо жана кармоо үчүн фотороботторду түзүү, үн таануу, социалдык тармактардагы аккаунттарды мониторингдөө жана заманбап IT-технологияларды колдонуу менен контрчалгындоо иштерин эң жогорку деңгээлге көтөрүү бүгүнкү күндүн башкы талабы.

Мындай кооптонуулар жөн жерден чыккан жок. Маселен, акыркы убакта Россияда жана башка өлкөлөрдө катталган чабуулдар көрсөткөндөй, деструктивдүү күчтөр санариптик технологияларды жана учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) миңдеген чакырым аралыкка чейин багыттап, стратегиялык жана экономикалык объекттерди бутага алууда. Азыркы тапта эл аралык террордук тармактар өздөрүнүн жогорку квалификациялуу IT-адистерине жана заманбап технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. ШКУнун Бишкек саммитине 20га чукул өлкөнүн делегация башчылары катышып жаткан учурда, террордук уюмдар же аларга көмөктөшкөн айрым чет элдик атайын кызматтар өлкөдө туруксуздук жаратуу үчүн бардык заманбап ыкмаларды колдонууга аракет кылышы толук ыктымал. Бул жагдай УКМКга, ИИМге жана тиешелүү министрликтер менен мекемелерге өтө жогорку деңгээлдеги тарыхый жоопкерчиликти жүктөйт. Мунун баарын эффективдүү иштеши үчүн албетте коомчулук дагы туура түшүнүп, мүмкүнчүлүктүн болушунча маалымат жагынан жардам берүүгө умтулушу керек.

– Бишкекке бир убакта 21 өлкөнүн башчылары келерин эске алсак, аба майданындагы жана борбордук көчөлөрдөгү унаа кортеждеринин кыймылы шаардын транспорттук тутумуна канчалык күч келтирет жана жол тыгындарын минималдаштыруунун кандай эффективдүү логистикалык чечимдери бар?

– Дүйнөлүк тажрыйбада калыптангандай, ШКУга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтары эл аралык иш-чаралар башталардан мурда өлкөбүзгө алдын ала келишип, өз делегациялары жайгаша турган мейманканалардан тартып, коопсуздуктун бардык жагдайларын, анын ичинде тамак-аш коопсуздугун дагы кылдат текшерүүдөн өткөрүшөт. Ошону менен бирге, алар эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдардын лидерлери же мүчөлөрү тарабынан жасалышы мүмкүн болгон каршылык акциялары, диверсиялык коркунучтар тууралуу өздөрүндөгү ыкчам маалыматтарды биздин укук коргоо органдары менен бөлүшүп турушат. Мындай биргелешкен ыкчам маалымат алмашуу коопсуздукту биргеликте камсыз кылууга жана натыйжалуу кызматташууга кеңири шарт түзөт.

Албетте, саммитке катыша турган өлкө башчыларынын ар бири жеке учактары жана өзүнчө автокортеждер менен келиши, алардын жата турган мейманканаларынан тартып, расмий жыйындар өтүүчү жайларга чейинки каттамдары өзгөчө жогорку деңгээлдеги коопсуздук чараларын талап кылат.

Ошол эле тапта мамлекет башчылары өздөрүнүн жеке коопсуздук кызматтары жана ата мекендик атайын бөлүмдөр тарабынан биргелешип кайтарылат. Мындай шартта борбор калаанын транспорттук тутумуна максималдуу күч келип, ири жол тыгындарынын жаралышы жана логистикалык чектөөлөр жарандарга убактылуу ыңгайсыздыктарды жаратат. Жогоруда белгилеп өткөнүмдөй, мунун баарын эске алуу менен, шаардык мэрия жана укук коргоо органдары алдын ала кайсы көчөлөр, кайсы багыттар убактылуу жабыларын саатына чейин так көрсөткөн маалыматтарды коомчулукка ырааттуу жеткирип турушу зарыл.

Мындай ачык-айкын түшүндүрүү иштери калк арасындагы психологиялык чыңалууну басаңдатып, жарандардын абалды туура жана түшүнүү менен кабыл алуусуна өбөлгө түзөт.

Экинчиден, ШКУ саммити учурунда транспорт жана энергетика тутумдарынан тышкары, бардык логистикалык форматтардын натыйжалуу иштеши үчүн максималдуу шарттарды түзүү керек. Иш-чаранын жүрүшүндө энергетика жана логистика багыттарында мүчүлүштүктөр орун алып, жарандарыбызга кошумча ыңгайсыздыктар жаралып калуу тобокелдигин эске алган оң. Андыктан мындай техникалык жагдайлар алдын ала эсепке алынып, мүмкүн болгон чектөөлөр тууралуу калкка алдын ала билдирүүлөр жасалса, абдан туура болот жана натыйжасын берет.

– Жаңы курулган объекттер, мисалы “Ырыс Ордо”, Конгресс-холлунун коопсуздук инфраструктурасы ушундай жогорку деңгээлдеги конокторду кабыл алууга толук жооп береби?

– Акыркы убакта Кыргызстанда мамлекеттик маанидеги бир катар заманбап объекттер курулду. Алардын катарында жаңы президенттик администрация – “Ынтымак Ордо”, “Ырыс Ордо” комплексинин жана заманбап Конгресс-холлдун курулушу өлкөнүн эл аралык аброюн арттыруу менен бирге, глобалдык деңгээлдеги саммиттердин жана форумдардын расмий делегациялары үчүн коопсуздуктун эң жогорку стандарттарын камсыз кылууга шарт түзөт деген пикирдемин. Бул стратегиялык объекттер  заманбап технологиялардын жана коопсуздуктун атайын тутумдарынын негизинде долбоорлонгон. Заманбап технологиял өнүккөн шартта имараттардын инфраструктурасы акыркы үлгүдөгү санариптик жабдыктар жана коопсуздук технологиялары менен толук камтылган деген ойдомун. Менин пикиримде, өлкөбүзгө келе турган чет элдик делегациялар да бул шарттарга жогору баа берип, иш-чаралардын өтүшү ыңгайлуу жана коопсуздук деңгээли эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берерин ырасташат деген пикирдемин.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарыкоопсуздукУКМКШКУШКУ саммити
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Резаи: Батыш Азиядагы коопсуздукка тышкы кийлигишүүгө жол берилбеши керек

Резаи: Батыш Азиядагы коопсуздукка тышкы кийлигишүүгө жол берилбеши керек

27.10.2026
ШКУ өлкөлөрү энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

ШКУ өлкөлөрү энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

22.10.2026
Пезешкиан: Америка Иран элинин укуктарын таанышы керек

Пезешкиан: Америка Иран элинин укуктарын таанышы керек

22.10.2026
Маданий революция  же унутулуп бараткан кыргыз кийимдери кайра жанданууда

Маданий революция  же унутулуп бараткан кыргыз кийимдери кайра жанданууда

19.10.2026
Ареф: ШКУнун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу — Ирандын стратегиясы

Ареф: ШКУнун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу — Ирандын стратегиясы

19.10.2026
Россия менен Ооганстандын чалгын кызматтарынын жетекчилери Кабулда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Россия менен Ооганстандын чалгын кызматтарынын жетекчилери Кабулда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

16.10.2026
Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалы Азия Кубогун өткөрүү маселесинде талаш жаратты

Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалы Азия Кубогун өткөрүү маселесинде талаш жаратты

16.10.2026
Сауд Арабиясы Пакистан менен Түркияга ыктоодо: АКШнын «коопсуздук чатыры» хуситтерге каршы натыйжасызбы?

Сауд Арабиясы Пакистан менен Түркияга ыктоодо: АКШнын «коопсуздук чатыры» хуситтерге каршы натыйжасызбы?

13.10.2026
ШКУнун башкы катчысы космосто жарыша куралданууну токтотууга чакырды

ШКУнун башкы катчысы космосто жарыша куралданууну токтотууга чакырды

16.09.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.