Аймактагы жашоо минимумунан төмөн эмес кирешеге ээ болуу боюнча милдеттүү талап киргизилди. Киреше бул талапка жооп бербесе, эмгек патенти берилбейт же узартылбайт, эмгек келишими токтотулат, ал эми өлкөдө болуу мөөнөтү кыскартылышы же жашоого уруксат жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик Думасынын расмий сайтында маалымдалды.
Россиянын Мамлекеттик Думасы патенттин күчү жокко чыгарылган же узартылбаган учурда чет өлкөлүк жарандын өлкөдөн чыгып кетүүсү үчүн 15 күндүк мөөнөттү белгилеген мыйзамды кабыл алды. Ошондой эле чет өлкөлүк жумушчулар өздөрүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн жашаган аймактагы райондук коэффициент эске алынган жашоо минимумунан төмөн эмес киреше менен камсыздоого милдеттүү болот.
Эң катуу талаптар эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрүнө тиешелүү. Эгерде патент же иштөөгө уруксат жокко чыгарылса же узартылбаса, чет өлкөлүк жаран жашы жете элек балдары менен, анын ичинде асырап алынган же камкордуктагы балдары менен бирге 15 күндүн ичинде Россиядан чыгып кетүүгө милдеттүү.
Мыйзамга ылайык, чет өлкөлүктөр жашаган аймагындагы жашоо минимумунан төмөн эмес киреше табышы керек. Бул сумма атайын райондук коэффициентти эске алуу менен эсептелет. Эгер мигрант бир эле учурда эки аймакта иштесе, эсеп эң жогорку көрсөткүч боюнча жүргүзүлөт. Ошол эле учурда киреше аймактагы орточо айлык эмгек акыдан ашпоого тийиш.
Эгерде чет өлкөлүк жарандын кирешеси белгиленген деңгээлден төмөн болсо, анын эмгек келишими токтотулган деп эсептелет жана Россияда болуу мөөнөтү кыскартылат.
Киреше тууралуу маалымат жок болсо же киреше белгиленген минимумдан төмөн болсо, эмгек патенти берилбейт жана узартылбайт.
Мыйзам кирешени көзөмөлдөө механизмин да киргизет. Салык органдары календардык жылдын үч, алты, тогуз жана он эки айынын жыйынтыгы боюнча мигранттардын кирешеси тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигине жөнөтүп турат. Ал эми Россиянын Социалдык фонду алардын эмгек ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берет. Ички иштер министрлиги чет өлкөлүктүн кирешесинин бар-жогун, анын көлөмүн, ошондой эле жеке киреше салыгы боюнча белгиленген аванстык төлөмдүн төлөнгөн-төлөнбөгөнүн текшерүүгө укуктуу болот. Текшерүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн министрлик өзү аныктайт.
Эгерде убактылуу же туруктуу жашоого уруксат алган чет өлкөлүк жарандын кирешеси уруксат берилген күндөн тартып бир жыл ичинде жашоо минимумунан төмөн болуп калса, анын убактылуу жашоого уруксаты же жашоого уруксат кагазы жокко чыгарылат. Бул талап күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерге, пенсионерлерге, эмгекке жарамсыз адамдарга, жашы жете электерге жана мыйзамда көрсөтүлгөн башка айрым категорияларга тиешелүү эмес. Ошондой эле чет өлкөлүк жумушун жоготуп, бирок үч айдын ичинде жаңы жумушка орношуп, кирешеси талапка жооп берсе, анын уруксаты жокко чыгарылбайт.
Мыйзамдын негизги жоболору 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ал эми өзүн жана үй-бүлөсүн жашоо минимумунан төмөн эмес деңгээлде камсыздоо милдети жана өлкөдө болуу мөөнөтүн кыскартуу боюнча жоболор 2027-жылдын 1-мартынан тартып колдонулат. Мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу тууралуу жоболор мыйзам расмий жарыялангандан кийин 90 күндөн соң күчүнө кирет.

















