Кыргызстан миграцияны чакырык катары эмес, экономикалык өнүгүүнүн факторлорунун бири катары карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында өткөн Миграцияны кароо боюнча экинчи эл аралык форумда (IMRF-2026) билдирди.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жарыялаган маалыматында белгиленгендей, ал “Миграция доорундагы коопсуз, инклюзивдүү жана туруктуу шаарлар – WUF13кө карай” аталышындагы иш-чаранын алкагындагы жасаган баяндамасында, Кыргызстан коопсуз, тартиптүү жана мыйзамдуу миграция боюнча Глобалдык келишимдин принциптерине туруктуу берилгендигин белгилеп, миграция жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү өлкө үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи.
“Улуттук миграциялык саясатыбыз коопсуз, жөнгө салынган жана натыйжалуу башкарылган миграцияны камсыз кылууга, мигранттардын укуктарын коргоого жана алардын туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын арттырууга багытталган”, – деди Медербек Алиев.
Мындан тышкары, ал диаспора өкүлдөрүн коомдук-экономикалык процесстерге тартуу, мигранттар алып келген билимди жана көндүмдөрдү таануу, ошондой эле шаарларды өнүктүрүү алкагында Миграция боюнча глобалдык келишимди ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
М. Алиев талкуулар практикалык чечимдерди кабыл алууга жана өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзүшү керектигин кошумчалады.
Кыргыз тараптын билдирүүсү 2026-жылдын 17 – 22-май күндөрү Азербайжандын Баку шаарында өтө турган XIII Дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) алдында айтылары белгиленди.
Нью-Йорктогу БУУнун эл аралык миграция форумуна катышкан кыргыз делегациясынын курамы ачыкталган эмес.
Депутат форумдун аянтчасындагы көп тараптуу талкуулардын алкагында, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана башка өлкөлөрдүн делегация жетекчилери менен шаарларды туруктуу өнүктүрүү жана урбанизация процесстериндеги миграциянын ролу боюнча пикир алмашты.
Форумду Азербайжандын Мамлекеттик миграция кызматы жана Эл аралык миграция уюму уюштурду.


















