Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейин Россияда аймагында эмгектенип жүргөн мигранттар үчүн кезектеги ири масштабдуу пландык рейддердин өтүшү күтүлүүдө.
Бул тууралуу Россиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Кубанычбек Осмонбеков өзүнүн соц. тармактардагы баракчалары аркылуу мекендештерге чукул кайрылуу жасап, документтерди иретке келтирүүгө жана ашыкча сыртка чыкпоого чакырды.
Маалым болгондой, текшерүүлөрдүн деңгээлине байланыштуу Москвадагы Сахарово миграциялык борборунда кармалгандар үчүн кошумча орундар да даярдалууда.
“Расмий маалымат эч жерде жок, бирок жабык маалыматтардан бул тастыкталган 100 пайыз маалыматты алдык. Ошондуктан документтериңерди 1-октябрдан 10-октябрдан чейин бүт баарын толуктап, жасап алыңыздар. Көчөгө бул күндөр аралагында жумушка барып, келип ашыкча баспай туруңуздар. Документтериңер туура эмес болсо, тууралап алыңыздар”, -деди Кубанычбек Осмонбаев.
Анын айтымында, Сахароводогу чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борбордун кошумча бөлүмдөрү кеңейтилип жатат. Бул алдыда чоң масштабдуу рейд жүргүзүлөрүнөн кабар берет. Ошондуктан, Москва шаары менен Москва облусундагы гана эмес, бүткүл Орусия аймагындагы мекендештер коопсуздук чараларын көрүшү зарыл.
“Ушул видеону бөлүшүп, мекендештерге жеткирип коюңуздар. Блогерлерди жана активисттерди да бул маалыматты кеңири таратып, мекендештерибизге алдын ала эскертүүгө чакырам”, – деп өтүндү ал өзүнүн кайрылуусунда.
Кошумчалай кетсек, Россиянын укук коргоо органдары тарабынан “Нелегал” деп аталган масштабдуу операцияны туруктуу өткөрүп келет. Бул рейддердин башкы максаты – мыйзамсыз миграция каналдарына бөгөт коюу, жасалма документтерди аныктоо жана миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүктөрдү өлкөдөн чыгаруу.
Акыркы жылдары бул текшерүүлөр өзгөчө катаалдашты. Мурда рейддер катардагы текшерүү иретинде өтсө, акыркы эки-үч жылда кырдаал кескин өзгөрүп, айрыкча 2024-жылдагы “Крокус Сити Холлдогу” окуядан кийин Россиянын миграциялык мыйзамдары катаалдашкан.


















