Беларусь президенти Александр Лукашенко Элдик биримдик күнүнө карата 25 адамды кечирди. Алардын айрымдары экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор экенин «Пул Первого» маалымат каражаты жазды.
Кечирилгендердин арасында 12 аял жана 13 эркек бар. Алардын ичинен 19у 40 жашка чыга элек адамдар. «Көпчүлүгүнүн балдары бар, ал эми бир айыпталуучу — көп балалуу эне. Кечирилгендердин бири кылмышты жашы жете электе жасаган», — деп айтылат билдирүүдө.
Баары күнөөсүн моюнга алып, кылган ишине өкүнүшкөн жана мыйзамды сыйлаган жашоо образын карманууга милдеттенишкен.
11-сентябрда Беларуста 52 соттолгон адам кечирилгени маалым болгон. Лукашенко алардын айрымдарын АКШ президенти Дональд Трамптын өтүнүчү боюнча кечиргенин айткан. Айыпталгандардын айрымдары — чалгынчылык ишмердиги үчүн, ошондой эле экстремисттик жана террористтик аракеттерге катышкандыгы үчүн эркинен ажыратылган чет өлкөлүк жарандар. Алардын ичинен 14ү чет өлкөлүк: алтоо — Литванын жарандары, экөө — Латвиянын, экөө — Польшанын жана Германиянын жарандары, бирден — Франция жана Улуу Британия жарандары. Беларусь аларды Литвага өткөрүп берген.


















