Европада дээрлик таза абанын булагы калган жок, ошондуктан жакында ал аны Беларусиядан сатып алууга аргасыз болот, — деп билдирди президент Александр Лукашенко.
«Анткени кычкылтек — бул токойлордон, баткак жерлерден чыгат. Европада андай жок. Ал эми бизде бар. Шамал ошол жакка алып барат, алар биз берген таза аба менен дем алып жатышат. Ошондуктан мунун баарына төлөшү керек», — деди Лукашенко Березин биосфералык коругун кыдырып жатып.
Лукашенконун айтымында, «ден соолук берип» жаткан Беларуська ыраазычылык билдирүүнүн ордуна, Европа өлкөлөрү санкциялар менен «муунтуп» жатышат.
«Бул мезгил да өтөт. Азыр деле өтүп жатат… Келет ошол учур, жыттанып кеткен Европа бизге Кудай берген байлыкты сактап жаткандыгыбыз үчүн акча төлөйт. Бул сөз бир аз керектөөчүлүк мүнөздө угулушу мүмкүн, бирок биздин эл да мындан пайда көрсө дейм», — деп баса белгиледи ал.
Ошондой эле Лукашенко өз сөзүнө мындай деп кошумчалады, Беларуста бар токойлор «башка жерде жок», Россияны кошпогондо. «Бирок аларда эл көп, Европаны болсо толугу менен булгап салышкан», — деди ал.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путиндин досу, «Курчатов институтунун» жетекчиси Михаил Ковальчук да ушундай билдирүү жасаган. Ал Батыш өлкөлөрү колдонгон парник газдарын чектөө квоталарынын системасын сындап, Россия дүйнөдөгү эң чоң токой массивдерине ээ экенин белгилеген.
«Бул эмнени билдирет? Биз көмүр кычкыл газын сиңирип жатабыз — бизге ал жетишпейт. Алар бизге акча төлөшү керек, анткени биз планетаны „тазалап“ жатабыз. Ал эми алар бизге квота коюшат», — деп нааразы болгон Ковальчук.
2024-жылы Беларустун европалык кошуналары — Польша, Литва жана Латвия — экологиялык натыйжалуулук боюнча Environmental Performance Index рейтингинде Беларустан жогору орундарды ээлешкен: тиешелүүлүгүнө жараша 20 -, 21- жана 30-орундар. Беларусь 32-орунда, ал эми Россия — 83-орунда жайгашкан.
Бул рейтингде жалпы 180 өлкө камтылган. Позициялар 58 көрсөткүч боюнча эсептелет: таштандыларды башкаруу, абанын булгануу деңгээли, токойлордун кыскарышы, ичүүчү суунун коопсуздугу жана башка көрсөткүчтөр. Алдыңкы бештикке Эстония, Люксембург, Германия, Финляндия жана Улуу Британия кирет.



















