Беларустагы ишканалар жана уюмдар Өзбекстандын жарандары үчүн ар түрдүү жумуш орундарын сунуштап жатышат. Айлык акы кызматкердин кесиптик квалификациясына жараша 700 АКШ долларынан башталат. Ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу жашоого мүмкүнчүлүк каралган.
Өзбекстандын Миграция агенттигинин маалыматына ылайык, жумуштар төмөнкү тармактар боюнча сунушталууда:
- курулуш;
- мал чарбачылыгы;
- айыл чарба;
- токой чарбасы;
- трактор жана жүк ташуучу унаалардын айдоочусу;
- экскаватор машинисти;
- ветеринария;
- өсүмдүктөрдү кыйыштыруу (көчөт кыйыштыруу);
- металл иштетүү.
Талапкерлердин жашы 18ден 50 жашка чейин болушу керек. Ал эми айдоочулукка жана атайын техникаларды башкарууга байланыштуу жумуштар үчүн тиешелүү айдоочулук күбөлүк же квалификацияны ырастаган документ талап кылынат.
Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган жарандар бул программага катыша алышпайт.
Иш берүүчү төмөнкү чыгымдарды өз мойнуна алат:
- Беларуска авиабилеттин же жол киренин акысын төлөп берет;
- акысыз турак жай менен камсыздайт;
- керектүү документтерди тариздөөгө кеткен чыгымдарды төлөйт.


















